БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ош шаарынын айрым аймактарында 22-май күнү сегиз саатка жарык өчөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, эртең мененки саат 9.00дөн кечки 17.00гө чейин 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата энергетикалык объектилерди даярдоо максатында оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Жарык берүү төмөнкү аймактарда үзгүлтүккө учурайт:
Ош шаарынын №4 "Ак-Тилек" аймактык кеңешине караштуу "Ак-Тилек" кичи шаарчасынын үйлөрү, Учар айылы, Мамыров көчөсү;
№5 "Керме-Тоо" аймактык кеңешине караштуу МЖКУ-2, Кукум-Бий көчөлөрү.