БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Абдикарим Алимбаев мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары — Башкы штабдын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Эске салсак, Алимбаев 2016-2017-жылдары чек ара кызматын жетектеп келген.