Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди "Кыргызстан ЕАЭБдин жаңы эрежелери боюнча азык-түлүк продукцияларын кантип экспорттоп жатат" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.
Жыйын 26-апрелде саат 10:30дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору ЕАЭБдин жаңы эрежелери боюнча азык-түлүк продукцияларын экспорттоо жана импорттоо боюнча маселелери тууралуу айтып берет.
Катышуучу:
ЖУМАКАНОВ Калысбек Туратбекович — Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).
Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.