БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бүгүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында өлкөдө мал доктурлардын кадыры көтөрүлүп, айына 20-30 миң сомго чейин каражат таба баштаганын билдирди.
Анын айтымында, өлкө аймактарында жеке мал доктурлар көбөйүп, ветеринардык ишкерлик жакшы өнүгө баштады. Жумаканов азыр айыл жериндеги мал доктурлар айына 20-30 миң сомдон кем эмес каражат тап жатканына токтолду.
"Аймактардагы жеке ветеринарларга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп, мыйзамдардын баары аларга ылайыкташылып жатат. Ар бирин дары-дармегин сактоочу муздаткыч, мотоцикл жана башка керектүү жабдуулар менен камсыз кылып жатабыз. Ошондой эле мал доктур жетишпеген аймактардан балдарды чогултуп, эл аралык долбоордун негизинде аларды агрардык университеттен бекер окутуудабыз", — деди Жумаканов.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциянын жетекчиси учурда өлкөдөгү мал-жандыктын баары, ал тургай иттерден бери идентификациядан өтүп жатканын кошумчалады.
Адис азыр мал-жандыктын баары каттоодон өткөрүлүп, текшерилип жатканын, анын жыйынтыгы менен дарылоодон өтүп жатканын кошумчалады.