Кезегинде ынтымактын бекемдигин көргөзүп, чака көтөргөн мотургайган балдарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева таап, 20 жыл ичинде жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болгонуна кызыгып көрдү.
Эгиздер көп сүйлөбөгөн токтоо, анан өтө маданияттуу жигиттер экен.
— Айлап издеп жатып араң таптым. Соцтармакта деле отурбайт окшойсуңар?
Асан: — Мурда социалдык тармактарга кээ-кезде отуруп калчубуз, азыр жумушубузга байланыштуу көп кирбей калдык. Анда-санда жаңылыктарды Instagram баракчасынан эле окуп койгонубуз болбосо. Мени көпчүлүк журналисттер, керектүү адамдар Үсөн аркылуу табат.
— Эмне жумушта иштейсиңер?
Асан: — Мен Улуттук университеттин химия жана химия-технология факультетин бүткөм. Кесибим боюнча инженер-технологмун. Учурда алган билими боюнча Кыргызстандагы жеке компаниялардын биринде лаборотория башчысымын. Ошол компаниянын продукциясынын сапатын текшерем.
Үсөн: — Мен программистмин. Алтын казган компаниялардын үлгүсүн текшерген лабороторияларга программа жасайм.
— Экөөңүздөрдүн тең кесибиңиздер чыгармачылыктан алыс экен. Баары эле түшүнө бербеген так илимдерге кандайча кызыгып калдыңар эле?
Асан: — Гуманитардык сабактарга караганда, эмнегедир так илимдерге башынан эле жакын болчубуз. Мектепте дагы химия сабагы жеңил болчу же бизге ошондой сезилчү беле, билбейм. Анын үстүнө "Ырыс алды — ынтымак" ролигине тартылганыбыз үчүн бизге компьютер белек кылышкан эле. Элестетиңиз, 1996-жылы элдин көбүндө компьютер жок болчу да. Анда 1-класс элек, кубанычыбызда чек жок. Мектептен келип эле ошого отурабыз. Балким, так илимге кызыгып, программа жасап калышыбызга да ошол компьютер себеп болсо керек.
— "Ырыс алды — ынтымак" ролигине кандайча тартылып калдыңар эле?
Үсөн: — "Кыргызстан Сорос" фондусунун тапшырмасы менен режиссер Актан Арым Кубат атайын эгиз балдарды издеп, биздин мектепке да келиптир. Анан мектеп жетекчиси бизди чакыртып көрсөтсө эле агайга жактык окшойт, айтор бизди тандады. Ата-энебизге мектеп жетекчиси өзү барып уруксат сураса башында каршы болуп жатып араң макул болушкан.
— Көкүл атайын ролик үчүн коюлду беле?
— Роликке тартылгандан кийин жашооңордо өзгөрүү болдубу?
Асан: — Жашообуздагы өзгөрүү кыска тасма тартыла баштаганда эле сезилген. Эртең менен таң атпай унаа менен алып кетишет, тартуу иштери, андан соң үн коштоо, кайра кечинде унаа менен үйгө таштап коюшат. Дос, классташ балдар "биздин дос балдар тасмага тартылган" деп айтып, айтор башкача мезгил болгон эле.
— Тартылган кыска тасмада экөөңөр мушташып, атаандашасыңар го. Чыныгы жашоодо мамилеңер кандай?
Үсөн: — Атаандашпайбыз деле. Бирок ата-энебиз бизди жаман окуп калбасын деп "карачы Асанды, сенден кыйын окуп "5" алып келип жатат" деп, же Асанга мени "Үсөндү карачы, муну жасап бүтүрүп койду" деп атаандаштырып өстүрдү. Жыйынтыгы жаман болгон жок, билим жагынан атаандашып отуруп азыр жакшы, өзүбүз сүйгөн жумушта иштеп жатабыз. Тасмадагыдай мушташпайбыз деле. Бири-бирибизге жинденген учурлар болот, бирок бат эле жазылып кетебиз.
— Кимиңер улуусуңар?
Үсөн: — Асан менден 2 мүнөткө эрте төрөлгөн.
— Канчага чыгып калдыңар?
— Азыр 29 жаштабыз.
— Жеке жашооңор, үй-бүлөңөр тууралуу да айтып бергилечи?
Асан: — Биз өзүбүз Бишкек шаарында эле төрөлүп, ушул жактан билим алганбыз. Түпкү тегибиз Чүй облусунун Сокулук районунун Конуш айылынан. Экөөбүздү кошкондо үч бир тууганбыз, бир эжебиз бар. Ата-энебиз кеч үйлөнүп, кеч балалуу болушуптур. Азыр алар 70 жашка чыгып калышты. Экөө тең пенсионер, шаар четиндеги дачада чакан чарба менен алек.
— Ата-энеңерди келиндүү кылдыңар беле?
Үсөн: — Менин үйлөнгөнүмө бир жылдан ашып калды. Буюрса жакын арада балалуу болуп калабыз. Асан бойдок.
— Келичегиңиз сизди Асан менен алмаштырып алган күндөр болгон эмес беле?
Үсөн: — Жок, андай учур боло элек. Бир-эки жолу көргөндөр эле айырмалай албай калбаса, чогуу жашап калгандан кийин кимибиз Асан, кимибиз Үсөн экенбизди бат эле билип калышат.
— Мисалы, жаңы көргөн адамдар экөөңөрдү кантип айырмаласа болот?
Асан: — Көпчүлүгү биринчи көргөндө аябай окшош экенсиңер дейт. Экөөбүздүн чачыбызда бир аз айырма бар. Аны чоң атам тапкан эле. Мисалы, менин чачымдын түбү түз өссө, Үсөндүкү жайылып өсөт. Биздин боюбуз да, оюбуз да бирдей. Мүнөздөрүбүз боюнча айтсам, токтообуз. Мен бир нерсе ойлосом Үсөн да ошону ойлогон болот. Кээде экөөбүз тең бир учурда ооруйбуз. Айтор, эгиздер — бири-бирине бир туугандан да жакын адамдар экенине абдан ынандык.
Эгиз кыздарга үйлөнүү тууралуу ойлонгон эмес белеңер?
Асан: — Эгиз кызга үйлөнөбүз деп өзүбүзгө максат койгон эмеспиз. Бирок эгиз балалуу болсок деген тилек бар.
— Асан, сиз качан үйлөнөйүн деп жатасыз?
Асан: — Жакшы кыз тапсам эле турмуш курат элем.
— Жакшы кыз кандай болушу керек сиз үчүн?
Асан: — Тарбия көргөн, ыймандуу, түшүнүктүү болсо дейм.
— Эгиздердин жашоосу өзү эле кызык болот эмеспи. Ошондой учурлардан эсиңиздерде барбы?
Үсөн: — Жогорку окуу жайда билим алып жүргөндө Үсөндүкү башка университет, меники башка окуу жай да. Анан 1-2-курстардагы жалпы, мисалы тарых, экономика сыяктуу сабактарда бирибиздин ордубузга бирибиз "сен билген тема экен же сен буга чейин даярданып жүрбөдүң беле" деп модуль, экзамендерди тапшырып койчубуз. Мугалимдер байкабай, билбей деле калчу. Ал эми группалаштарыбыз билчү, бирок эже-агайларга айтчу эмес.
— Силерди кайрадан чыгармачыл жаатка чакырып тасмаларга тартылгыла деген сунуш түшсө макул болот белеңер?
Асан: — 2013-жылы "Кыргызстан Сорос" фондусунун 20 жылдыгына карата биз катышкан дагы бир ролик тартышкан. Негизи сценарийге биз кичинекей эгиз балдарды кошолу деп жатканбыз. Бирок аларды табууга убакыт тартыш болуп калгандыктан өзүбүз эле тартылып калдык. Кийин тасмаларга деле сунуш болду, бирок кандайдыр бир себептерден улам ойнобой калдык. Анын үстүнө жумушубуз жоопкерчиликтүү болгондуктан чыгармачыл жаатта иштөөгө убакыт жок. Кээде жумушта түнөп калган да күндөр болду.
— Алдыда кандай пландарыңар бар?
— Алдыда Үсөн экөөбүз дайыма эле бирөөлөргө иштей бербей өзүнчө иш баштасакпы деген ниет бар. Буюрса, жакын арада ал ойлорубузду ишке ашыралы деп жатабыз.
Биздин бул каармандарыбыздан сырткары Жалал-Абад облусунда облусунда эгиз кыздарга үйлөнгөн эгиз балдар бар экен.