БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстанда иш алып барган 20га жакын элчилик Нооруз майрамына карата өз улутунун тамак-аштардын түрүн жана кол өнөрчүлүк буюмдарды бишкектиктерге тартуулайт. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалыматы кызматынан кабарлашты.
Дипломатиялык жарманке Бишкек шаарындагы "Курманжан Датка" аллеясындагы эстеликтин жанында саат 10:00дөн саат 16:00гө чейин өтөт.
Министрлик бул иш-чара көп улуттардын бирин-бири жакындан таанып жана маданияты тууралуу кабардар кылууга жакшы өбөлгө түзүп берет деген ишенимин билдирген.
Маалымат кызматы жарманкеден түшкөн каражат өлкөдөгү социалдык мекемелерге бериле тургандыгын кошумчалады.
Нооруздун негизги атрибуттарынын бири – сүмөлөк. Sputnik Кыргызстан агенттиги буудайды өндүргөндөн тарта аны бышырганга чейинки жасоо ыкмасын, сүмөлөк жасоону видеого тартып, анын тарыхына токтолду.