Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди "Бишкек ТЭЦтинин экс-директору жылуулук электр борборундагы коррупциялар жөнүндө" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.
Иш-чара 15-мартта саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
Бишкек ТЭЦтинде 26-январда авария болгон. Ал калыбына келтирилгенден кийин аварияга эмне себеп болгону иликтене баштаган. ТЭЦтин директору Нурлан Өмүркул уулу кызматтан алынган.
Экс-директордун айтымында, ТЭЦти модернизациялоодо бардык материалдар менен жабдуулар кымбаттатылган баа менен сатып алынган.
Өмүркул уулу "коррупциялык схема" тууралуу кенен айтып берет жана далил катары керектүү документтерди журналисттерге көрсөтөт.
Катышуучу:
ӨМҮРКУЛ уулу Нурлан — Бишкек ТЭЦтинин мурдагы директору.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).
Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.