СССРдин эл артисти, кинорежиссер Болот Шамшиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Сабира Күмүшалиеванын сүрөтү 1972-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган.
Ошол жылы актриса бир нече көркөм фильмде роль жаратса, Шамшиев 1971-жылы жараткан "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы менен эл аралык фестивалдарга катышкан.
Ал учурду Болот Шамшиев мындайча эскерет.
"Жайында Москвадан "Советтик Союз" журналынан кабарчылар келген. Ошондо Сабира Күмүшалиева экөөбүз алар менен Ысык-Көлгө барганбыз. Көл жээгинде бизди сүрөткө тартып, интервью алышкан. Союз маалында негизи маданиятка кам көрүп, ал-абалыбызды сурап турушчу. Азыркыдай унутта калчу эмеспиз", — деди Шамшиев.
Кийин чыгармачыл инсандар "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан" өңдүү тасмаларда чогуу эмгектенишкен.