Исаков Ош шаарын өнүктүрүүгө багытталган атайын кеңешме өткөрдү

Жазылуу
Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдарга ыкчам тартипте белгиленген маселелер боюнча зарыл чараларды кабыл алууну тапшырды

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Ош шаарын өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешмеде тийиштүү ведомстволорго бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кеңешме президенттин 2018-жылды "Региондорду өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо жөнүндө жарлыгынын алкагында министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда өткөн.

Өкмөт башчы өз сөзүндө Ош шаары республиканын башка шаарларына үлгү боло аларын белгилеп өткөн.

"Түштүк калаага жумушчу сапарым менен барганда шаардыктардын ишмердүүлүгүндө жакшы өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын байкадым. Тургундардын жыргалчылыгын арттыруу боюнча мындан ары дагы иштер улантылышы керек", — деди Исаков.

Бишкек шаарына асмандан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков Бишкек шаарындагы булганган абага көңүлүн бурду
Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдарга ыкчам тартипте белгиленген маселелер боюнча зарыл чараларды кабыл алуу, анын ичинде донордук жардамды тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле Ош шаарында "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу башталгандыгына байланыштуу Транспорт жана жолдор министрлигине муниципалитет менен биргеликте шаардын ички жолдорун реконструкциялоо, жол боюндагы инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштерди ыкчам жүргүзүүнү буйруду.

Аны менен катар Ош шаарынын мэриясына калаанын көчөлөрүндөгү жарыктандыруу тутумун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин бирдиктүү стандарттарына ылайык жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0