00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:58
1 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Принят новый порядок организации питания в школах КР - что нужно знать родителям?
16:05
21 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Эмгек миграциясы. Аялдардын эмгек миграциясы кандай тобокелчиликтерге алып келет?
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Развитие промышленности и агропрома в ЕАЭС: какие механизмы предлагает Евразийская экономическая комиссия
18:07
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Манасчыларды, төкмө акындарды, Улуу Ата мекендик согуш баатырларын даңазалаган. Үмөталиевди эскерүү
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Высокая закредитованность населения: причины и последствия
20:06
46 мин
Ачык кеп
Балдардын хирургиялык ооруларынын кескин өскөнү эмне менен байланыштуу?
23:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Өлүмгө жетпегир. Ажалына тыпылдап басып баратыптыр

© Sputnik / Антон Круглов / Медиабанкка өтүүГүлдөр жана периште символу. Архив
Гүлдөр жана периште символу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңузбу, мекендеш. Амандыгыңызга ишенем, бирок көптөрдүн жай көңүл менен тургандыгына күмөнүм бар.

Акыркы күндөрдүн нылдай ныгыра баскан окуялары көңүлдү кирдетип турган чагы. Эртең менен жакшы сөз оозангыла дей чыгарсыз, окурман. Ишигылып, көңүл жылып, жарк дей албай турган бир маанайлар.

Эки күндөн бери ичти эңшерген кабарлар кайдыгер калтырбай турган чак.

Кечээ биздин редактор Эркин Алымбеков жаны чымчык болуп учуп кеткен бөбөктүн катын жазып, ааламды аңтарып салды. "Мен сени аябай жакшы көрөм, сени кучактап, өөп, жытыңды искегим келет. Бирок сени таппай, каякта экенимди түшүнө албай жатам. Чакырсам эмнеге келбей жатасың?"… дептир айыпсыз наристе.

Энеси эмне болуп жатты экен… ага айта турган сөз көп… бирок ага корогон кайран кеп…

Өлүмгө жетпегир. Ажалына тыпылдап басып баратыптыр. Кызын жакшынакай кылып кийинтип алган экен… Өзүң өлүп кете бердиң, бел кырчоосунан алдый бинтке таңылып кызың калды. Ооруканага түшкөн бөбөктүн бир бутун кесүүгө туура келиптир.

Бала бакчанын тепкичинен кечээ дагы бир бала кулап кеткенин айтышты. Беш жаштагы бөбөктүн мээси чайкалды, учурда абалы туруктуу деди дарыгер. Жакшы болуп кетсин.

Жүрөк жегиси келет, мээ жегиси келет, ал эми азыркылар туздалган бадыраң эңсейт. Курсактагы бала төрөлгөнгө чейин… талгакты жандыруу эмес, кандыруу керек. Бул ааламга келе жаткан баланын сапары.

Уул төрөлдү, кыз жарыкка келди. Сүйүнчүңүз даяр. Мамлекет ымыркай төрөлгөндө 4 миң сом өлчөмүндө акча берет. Азыр аны 327 үй-бүлө алыптыр. Көз жардыңызбы, ата болдуңузбу, анда сүйүнчү пулуңузду алыңыз. Алды кийин укпаган болсоңуз, бул маалыматты окуп коюңуз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.02 (сатып алуу) жана 68.33 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, ал эми дизель жөнөкөй майы 42.00, ал эми кышкы дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Аман бололучу, асты адам бололучу…

Иш күнүңүздөр ийгиликтүү өтүшүн каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0