Мени өлтүргөн апама кат: жек көргөндү үйрөнө элекмин

© AFP 2023 / ARMEND NIMANIЫйлап жаткан ымыркай. Архив
Ыйлап жаткан ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Эркин Алымбеков өз энеси сабап өлтүргөн ымыркайдын сезимдерин элестетип кагазга түшүрүп көрүүгө аракет жасады. Дал келүүчүлүк болсо кокустук деп түшүнүңүз.

Апа!.. Апам менин…

Шымыма сийип алганым үчүн сенден кечирим сурайын деп жетишпей калдым. Кечирип койчу мени! Экинчи антпейм.

Өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жашоодон запкы тарткан бөбөктөр. Кыргызстанда балдарды эмнеден коргоо керек
Эмнегедир буга чейин эч нерсе айта алчу эмес элем. Кантип сүйлөө керектигин билбей кыйнала берчүмүн. Оңой эле экенин азыр сезип жатам. Кызык… Эмнегедир ушу тапта кызык нерселерге көп тушугуп жаткандаймын. Ал жөнүндө анан айтып берейинчи.

Апа, сен күлгөндөчү… күлгөндөчү ээ… ушундай сулуу болчусуң. Мен сени аябай жакшы көрөм, сени кучактап, өөп, жытыңды искегим келет. Бирок сени таппай, каякта экенимди түшүнө албай жатам. Чакырсам эмнеге келбей жатасың?

Сенин кайгыга чөккөнүңдү көрүп жүрөгүм ооруп кетчү. Ыйласаң, кыйналып жатканыңды сезчүмүн. Баары жакшы болорун, мен дайыма сенин жаныңда болорумду айткым келчү, бирок эмнегедир анте алчу эмесмин. Анын ордуна көзүмө жаш айланып, сүйлөйүн десем ыйга айланып кетет… кетчү…

Сенин жаныңда болгон үч жыл ичинде мен көп нерсе үйрөндүм. Тай-тай басып, телефонуңдан мультфильм көрүп… Бирок бир жолу телефонуңдун бирдигин түгөтүп салганым үчүн жазалагансың. "Бирдик" деген эмне экенин түшүнгөн деле жокмун.

Крушение малайзийского Boeing на Украине - Sputnik Кыргызстан
Бүчүрү сынган секелектер. Бөйрөгү ооруду деген кыз кош бойлуу болуп чыкты...
Шоколаддуу жумуртка сатып бергениң эсимде. Ушунчалык таттуу экен, дагы жегим келди, бирок сенин акчаң жок эле. Ушул акчанын азабы ай! Эмнеге керек экенин түшүнбөгөн боюнча калдым. Бир жолу сенин капчыгыңан таап алгам, бирок Сумкаңды айрып алып анда да таяк жегем. Сен үчүн ал ушунчалык маанилүү экенин билсем… Кечирип койчу!

Автобус же маршрутка менен кетип баратканда жолду караганды жакшы көрөр элем. Бактар менен үйлөрдүн "тызылдап чуркап кетип баратканы" жакчу. Сен мени кучактап, бетимен өпчүсүң. Ошол ирмемде аябай бактылуу болор элем…

Экөөбүз акыркы ирет көрүшкөндө мен шымыма сийип алдым. Бул шымды кимдир бирөө алып келсе керек эле, туугандарбы же сенин досторуңбу, айтор, бир жактан келген. Калган оокат-кечебиз мурунку үйдө калбады беле. Ошол жактан кетип калганыбыз аябай жакшы болду, жаман нерселер көп болчу эле. Түнкүсүн эркектер келчү, алар сени азапка салып кетээр эле. Мен ыйлачумун. Сенин жиниң келип, кайра эле урчусуң. Анан эле акыркы калган шымымды булгап койбодумбу… Бир урдуң, катуу. Чыдабай ыйлап жибердим. Кайра чаптың, анан дагы… дагы… Бир маалда айлана капкараңгы болуп калды…

Каяктагы бир аялдар мага операция жасоо керектигин айтып жатышты. Көтөрүп жүрүштү, мен баары жакшы эле деп айта албай койдум. Эмнеге эми гана сүйлөп жатканымды түшүнбөйм?!

Центр здоровья Altagracia в Манагуа - Sputnik Кыргызстан
Чымчыктар ай!... Жакыны сабап, бычактап, кордогон бөбөктөр. Жүрөк титиреткен 7 окуя
Азыр менин жанымда балдар көп, баары апаларын сагынып жүрүшөт. Бир баланы апасы үйгө камап, тамак бербей койчу экен. Бирок ал өзү күнөөлүү экен, апасынын ичине ысык чайды төгүп алыптыр… Дагы бир кызды атасы урчу экен. Ата деген ким экенин билбейм, бирок ал ошентип айтты. Темир менен урса, кан агыптыр. Жакшы кыз экен, мага аябай жакты. "Жек көрүү" деген эмне экенин түшүнбөй жатам. Бул жердеги балдар мурун ата-энелерин жек көргөнүн айтышып, менден да апаңды жек көрөсүңбү деп сурашат. Мен аларга эмне деп жооп береримди билбей койдум.

Бул жакта баары жакшы экен, апа. Канча кааласаң мультик көрөсүң. Бирок мен сени аябай сагынып жатам. Мени качан алып кетесиң? Сени ушунчалык жакшы көрөрүмдү, баары жакшы болорун айткым келет. Мен эми сүйлөй алам да…

Жаңылыктар түрмөгү
0