Айнура Кабатай кызы: кеп — бул визиттик карточка

© Фото / Индира Кабатай кызыТелеведущая, диктор телеканала НТС Айнура Кабатай кызы
Телеведущая, диктор телеканала НТС Айнура Кабатай кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө диктор болууну самаган жаштарыбыз арбын. Бирок бул кесиптин артында кандай мээнет жатканын көптөр биле бербейт. Бул ирет аталган кесиптин күнгөй-тескейине токтолдук.

Филология илимдеринин кандидаты, "Кеп маданияты" боюнча университеттерде жана курстарда мугалим, өлкөбүздүн мыкты диктору Айнура Кабатай кызы ийгиликтүү алып баруучу болуунун сырлары жана ар бир адам оратор болуу үчүн кандай аракеттерди көрүү керектигин айтып берди.

— Алгач эле айтсаңыз, мыкты диктор кандай талаптарга жооп бериши керек?

НТС телеканалынын диктору Мирзат Муканов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Диктор Мирзат Муканов: белгилүү адамдардын күйөө баласы болом деп ойлогон эмесмин
— Сүрөткө түшүүдө "фотогеничность" деген термин колдонулуп келсе, радиодо "радиофоничность" жана телевидениеде "телегеничность" делет, башкача айтканда, экрандан жагымдуу көрүнүү. Бул көп нерседен көз каранды. Кээде байкайсыңарбы, татынакай, тембри, үнү жагымдуу диктор сүйлөп жатат, бирок аны уккуң келбей кандайдыр бир кыжырданууну пайда болуп, башка каналга которуп жибересиң. Бул ошол инсандын ички маданиятына да байланыштуу. Анан албетте, үн, дикция, дүйнө тааным кенен болушу керек. Айрым учурда редактор шашып ката кетирип алса, тексттин маанисин бузбай оңдоп, элге туура маалымат жеткирүү зарыл. Советтер Союзу учурунда теле тармагындагы абройлуу адис бекеринен телевидение – бул рентген деп айтпаса керек. 
© Sputnik / Эламан КарымшаковФилология илимдеринин кандидаты Айнура Кабатай кызы: сүрөткө түшүүдө "фотогеничность" деген термин колдонулуп келсе, радиодо "радиофоничность" жана телевидениеде "телегеничность" делет, башкача айтканда, экрандан жагымдуу көрүнүү
Телеведущая, диктор телеканала НТС Айнура Кабатай кызы - Sputnik Кыргызстан
Филология илимдеринин кандидаты Айнура Кабатай кызы: сүрөткө түшүүдө "фотогеничность" деген термин колдонулуп келсе, радиодо "радиофоничность" жана телевидениеде "телегеничность" делет, башкача айтканда, экрандан жагымдуу көрүнүү

— Сиз алгач медицина боюнча билим алып, кийин журналистика тармагында окуганыңызды билебиз. Деги эл, теле алып баруучу болуу үчүн университеттин журналистика факультетин бүтүрүү шартпы же шыгы барлар билимсиз эле бул кесипти алып кете алабы?

Ала Тоо 24 каналынын атайын кабарчы жана алып баруучу Актилек Гүлжигит кызы - Sputnik Кыргызстан
Актилек Гүлжигит кызы: үч баланын энеси экениме карабай колумду сурагандар көп
— Негизи бизде жалаң дикторлорду тарбиялаган бөлүмдөр жок. Кеп техникасы деген сабактар да тилекке каршы аз. Болсо да тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келет. Бирок мектептен базасы жакшы болуп, гуманитардык билимдерди мыкты окуса, дикциясы жакшы болуп, үнү да уккулуктуу угулса алып баруучу боло алат. Бирок билим алсаң дагы да жакшы. Дагы да тереңдетип, эл аралык журналистиканын негиздерин, стандарттарын үйрөнүп, иштесе абдан пайдалуу да.

— Диктордун жумушу оңой, татынакай болуп эфирге чыгып, тексти окуп кетип калат деп айтып калышат. Чын эле ошондойбу?

— Диктор күн сайын үнүнө көнүгүүлөрдү жасап, дем алуусун жөнгө салуусу керек. Мисалы мен жаңы эфирге келген учурда абдан эле кыйналгам. Кадр артында узун тексттерди окуганда аба жетпей ызаланып кетчүмүн. Ошентип жети жыл кыйналып, толкунданып жүрдүм. Андан кийин устатым туура дем алууну үйрөтүп, узун тексттерди да кыйналбай окуп калдым. Эфирге чыкканга чейин мына ушундай даярдыктар талап кылынат. 

© Фото / предоставлено Айнурой Кабатай кызыАйнура Кабатай кызы: диктор күн сайын үнүнө көнүгүүлөрдү жасап, дем алуусун жөнгө салуусу керек
Телеведущая и диктор телеканала НТС Айнура Кабатай кызы - Sputnik Кыргызстан
Айнура Кабатай кызы: диктор күн сайын үнүнө көнүгүүлөрдү жасап, дем алуусун жөнгө салуусу керек

— Айнура Кабатай кызынын жаңылыктарды окуганы менен мимика-жесттери төп келет деп айтып калышат. Бул нерсени кантип айкалыштыруу керек?

Жогорку Кеңештин парламентинин маалымат кызматында кабарчы, алып баруучу Жылдыз Жолдошбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбаева: аялдардын көбү айтпайт, бирок жалгыз бой эне болуу кыйын
— Бул жерде да эң алгач туура дем алып, үндү тарбиялоо талап кылынат. Тилекке каршы, кыргыз элине белгилүү бир чыгармачыл инсан каза болгондо ал жаңылыкты кубануу менен окуган дикторду көргөм. Мындай учурда телекөрүүчүдө бул нерсеге диктор гана эмес, ошол телеканал да ал кишинин көзү өткөнүнө кайдыгер мамиледе экен деген пикир калат. Адам жашоодо кайгырганда жүзүнөн жылмаюу кетип, үнү басаңдап, жай темп менен сүйлөй баштайт. Экранда да жашоо мыйзамдары боюнча интонацияны колдонуу абзел. Негизи эле дикторлук — бул чоң жоопкерчиликтүү жумуш болгондуктан кылдаттык менен мамиле жасоо керек.

— Айрым теле алып баруучулар эфир учурунда диалект сөздөрдү колдонуп жиберишет..

— Бул өтө көйгөйлүү нерсе. Советтер Союзу учурунда эфирдеги кеп маданиятын көзөмөлдөп турган атайын көркөм кеңештер бар эле. Тилекке каршы, учурда андайлар жок. Кадр саясаты солгундап, айрым редакторлордун билим деңгээли да төмөндөп кеткендей. Телевидение — адамдын аң-сезимине абдан чоң таасир бергендиктен, анда айтылып жаткан сөздөр адабий тилде болуусу шарт. Эгер ушул боюнча калтырсак, адабий тилибиз жок болуп кетүүсү мүмкүн. 

© Фото / предоставлено Айнурой Кабатай кызыАйнура Кабатай кызы: үн, дикция, деги эле кеп маданиятын сактоо бул ийгиликке бир кадам
Телеведущая и диктор телеканала НТС Айнура Кабатай кызы - Sputnik Кыргызстан
Айнура Кабатай кызы: үн, дикция, деги эле кеп маданиятын сактоо бул ийгиликке бир кадам

— Туура сүйлөө ийгиликке жетүүдө канчалык роль ойнойт?

— Кеп — бул визиттик карточка. Бир окуяны мисал катары айта кетейин. Бир программаны алып баруу үчүн бир орунга эки кыз ат салышып калды. Биринин үнү, экинчисинин жазуу жөндөмдүүлүгү жакшы экен. Экинчи кыздын жазган текстин окусаң ыйлагың келет, бирок үнү начар болгондуктан, жумушка биринчи кызды алышты. Ошондуктан үн — башкы курал. Жагымдуу үнүнөн улам болочок жолдошу менен таанышып, турмушка чыккан окуучум да болду. Андыктан үн, дикция, деги эле кеп маданиятын сактоо бул ийгиликке бир кадам.

Жаңылыктар түрмөгү
0