Борбор калаада Ford Focus унаасы күйүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Окуя жекшембиде, 4-февралда, саат 18.20лар чамасында Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөлөрдүн бири окуяны видеого тартып алган.
Өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.
Камсыздандырылган унаа кырсыктаса чыгашасы толук төлөнөрүн адис Темирлан Кабылбеков айтып берди. Жол-жобосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуп, угуңуздар.