Биздин маектештин бул жерде иштегенине 40 жылдан ашыптыр. Ал оранжереяны аралап жүрүп, мындай абалга биринчи ирет кабылгандыктарын айтып берди.
"Күзүндө бардык жыртык-тешиктерди жаап, жылуулаганбыз. Ошентсе да ушундай абалга кабылдык. Буга күнөөлүү тараптан чыгымдарды төлөп берсин деп талап кылабыз. Үшүк алган өсүмдүктөрдү калыбына келтирүү үчүн ондогон жылдар кетет. Буларды кайра өстүрүп, азыркы абалына жеткирүүгө менин өмүрүм жетпей калды го. Албетте, өкүнүчтүү, кайгылуу", — деди улутунган Бондарцова.
Оранжереяны аралай басып жүрүп, узатасынан орнотулган батареянын жылымык экенин байкоого болот.
Ажайып бул жай мындан 70 жыл мурда түптөлүп, Ботаникалык бакка уникалдуу өсүмдүктөр бери жагы Казакстан, Өзбекстандан, ары жагы Европадан алып келинген.
Андан сырткары, сууктан улам жылытуу система да жабыркап, түтүктөр жарылган.