Мындай пикирди маекке чейин белгилүү акын жана журналист Зайырбек Ажыматов айтып, "күчтүү суроолоруң барбы?" деп сурап калды. Мен "эми суроолор сиздин кабыл алганыңызга жараша болсо керек деп" жооп бердим.
— Мурда жумурай журтка таанымал ырчы Алтынай Нарбаеванын "Жарты кайык" ырын укканда эмнегедир маанисин эки жаштын мамилесине, ызасына, таарынычына, жалгыздыгына байлачу элем. Кийин автор башка ойду бергиси келгенин билдим.
— Ал ырда мен көңүлдүн жарымдыгын, сүйүүнүн жарымдыгын айтайын дегем. Бекеринен бир кем дүйнө деп айтылбайт турбайбы. Мен үчүн кээде дүйнөнүн өзү жарты сыяктуу сезилип кетет. Дегеле ар бир адам өзүнүн жалгыз экенин сезгенде көңүлү, жүрөгү, жан дүйнөсү жарымдай түшсө керек.
Бирок эми, өзүм кырктан ооп калганда минтип өксүгүм бар эле деп өпкөлөп жатканым деле уят. Болгону кээде көңүлү жарым балдарга дем болуп, ата-энелүүлөр ата-энесинин баркын билгенге көмөгү болобу деп өз балалыгым тууралуу кеп кылып калам.
— "Жарты кайык" же сиз айтып жаткан өксүк негизи толот бекен, толтура алдыңызбы?
— Төрт тарабың төп келип турган мезгилде деле бала кезде калып калган өксүктү толтуруу кыйын. Толбойт экен. Жеке турмушумда бактысызмын деп айта албайм. Үй-бүлөм, бала-бакырам бар. Турмушум Кудайга шүгүр. Ар бир адамдын жекелиги бар да. Мен болгону өз жалгыздыгымды моюнума алгандардын биримин.
— Акын болушуңузга жашооңуздагы айрым учурлар түрткү бергенби?
— Facebook социалдык тармагында активдүүлүгүңүздү көрсөтүп келесиз. Жазылган постторуңуздун көбү үй-бүлө, бала-чаканын мамилесине байланыштуу. Адам жашоодо эмнеден жабыр тартып калса, кийин ошого көбүрөөк басым жасап калат дешет…
— Ар бир ата-эне баласы менен сыймыктанат экен. Үй-бүлө куруп балалуу болгондон бери өзүм ата мээримин көрбөгөндөн кийин балдарыма татыктуу тарбия беришим керек деген ой жашап келет. Аларга мүмкүн болушунча көңүл бурганга, сырдашканга, жакын болгонго аракет кылам. Маселен "бүгүн мектепте эмне жаңылык, досторуң менен кандай мамиледесиң" деп баарлашып, анын жообунан кандай тоскоолдуктарга, жетишкендиктерге ээ болгонун билип алам. Бирок бир кооптуу маселе турат. Биз азыр туура тарбиялап жатабызбы же туура эмеспи деген суроо бар. Кээде өзүм атанын тарбиясын көрбөгөндөн кийин кантип ата болом деп санааркайм. Эми буюруса жыйынтыгын беш-он жыл аралыгында көрө баштайт чыгармын.
— Балдарыңыз тууралуу кененирээк айтып өтсөңүз?
— Тун уулум аскерде кызмат өтөп жатат. Ал жакка барууну өзү каалады, мен "эр жигит мекенге кызмат кылышы керек, аскердик турмуш сени жашоодогу оош-кыйыштарга майтарылбаганга үйрөтөт" деп дем бердим. Азыркы жаштар чет жерге барып окуп, иштегенди эңсеп, Европа, Америка деп калышпадыбы. Чет жакка чыгыш үчүн чоң сыноодон, турмуштук даярдыктан өткүлө, тил үйрөнгүлө, анан мен силерге ишенем деп айтам. Кийинки балам 10-класста окуйт. Кичинесинен бери англис тилине кызыгып, үйрөнүп келе жатат. Технологиядагы жаңылыктарды, заманбап ачылыштарды айтып турат. Азыркы жаштар ийгиликке жетишкен адамдардын таржымалын окуганды жактырышат экен. Маселен, Трамптын, KFCни түптөгөн адам тууралуу окуп, аларды туурагылары келет. Азыркылар бизге караганда алдыга умтулат.
— Эң кичүү кызыңыз Карлыгачтын сүрөтүн социалдык тармактарга жүктөп каласыз. Жылуу сөздөрүн жазып, ичи элжиреген адамдарды көрүп калам. Көз тиет деп кооптонбойсузбу?
— Мен мындай нерселерге ишенчү деле эмесмин. Бирок акыркы учурда мага тыюу салына баштады (күлүп). 8-класста окуган кызым Балдарды коргоо борборунан тренингдерден өтүп, өзү да балдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча тренинг өтүп жүрөт. Ал мага "Карлыгач чоңойгондо сизди сотко берсе болот, сиз анын уруксаты жок ар кандай сүрөттөрүн жүктөп жатасыз" деп эскертип келет. Апасы да "Карлыгачка кирне кирип калыптыр, сен ушу сүрөт коюп атканыңан окшойт" деп айтып калат. Эми койбогонго аракет кыла баштадым. Бирок кээде болбой эле ичим элжиреп, кыял жоругун эл менен бөлүшкүм келип кетет.
— Балдардын арасында сиздин жолуңузду жолдой тургандары барбы?
— Мен балдарыма "эгер өнөргө кызыгам десеңер, өзүңөрдү ага толук арнагыла. Ал үчүн чыдамкайлык, баатырлык керек. Болбосо тек эле койгула, өнөр дүйнөсү оңой нерсе эмес" деп айткам. Ар адамдын өз тагдыры бар. Чындыгында алардын менин жолумду жолдошун каалабайм деле. Менимче азыркы тапта жаштар заманбап жашоого ылайыктуу адис болгону жакшы. Бүгүнкү заманга шайкеш кыргыз жок дегенде үч тил билиши керек. Жогорку билими жана эки кошумча кесиби болгону жакшы.
— Мен байкагандан жубайыңыздын сүрөтүн көп жүктөй бербейсиз?
— Ал өзү каршы. Бирок социалдык баракчаларга катталган, бизди көзөмөлдөп турат (күлүп). "Эл сенин жубайың экенимди билбей эле койгону туура" деп айтат. Эмнеге антет билбейм, балким менден уялаттыр. Тамаша албетте. Балдар менен үйдө.
— Чыгармаларыңыздагы сүйүү саптарын жубайыңыз кандай кабыл алат?
— Башынан эле бул темада эч кандай маселе болгон жок. Жакшы жазылыптыр деп коет. Анан кимге жазылды, кантип жазылды деген суроо болгон эмес.
— Негизи акындарды сүйүүгө туруксуз деп айтышат…
— Балким туура эле чыгар. Акындар гана эмес, жигиттердин баары эле туруксуз болушу мүмкүн. Жеке өзүм аялзатын сүйүүгө туруктуу деп эсептейм. Акын жигиттер жакшы мамилени, сыйды, сулуулукту жактырып, эргип калышы мүмкүн. Алар дүйнөдөн асылдык издеп жүргөн асылдар эмеспи. Бирок бул сөзсүз түрдө бирин таштап экинчисине кетип калат деген кеп эмес. Канткен менен ыр жазып жүргөн адамдардын боорукерлиги, абийири бар. Алар ким бирөөнү боздотуп өз каалоолорун ишке ашырбайт. Менимче алар сүйүү ырларын жазуу менен поэзиядан өздөрүн өздөрү издешет.
— Жумушуңузга байланыштуу чыгармачылыгыңызга убакыт жетип жатабы?
— Жазам десем азыр деле убакыт тапсам болот. Журналистика кайнаган жашоо, андыктан чыгарма жазууга өзүнчө азык. Учурда кара сөз түрүндөгү чыгарма, ыр жыйнактарым бар. Ошолорду басып чыгарайын деп пландап жүрөм.
— Журналситиканы чыгармачылык деп аташат. Бул нерсенин канчалык деңгээлде чындыгы бар? Сиз иштегенден эргүү алып жатасызбы?
— Журналистиканын башка багыттарынан да өзүңүздү сынап көрдүңүзбү?
— Саясатты жазганга да аракет кылып көргөм. Азыр ал теманы эмнеге жаздым экен деп таң калам. Деги эле андай темага табиятым жакын эмес. Түшүнбөйм дагы.
— Маданиятты жазган журналист катары айтсаңыз, өлкөдө бул жааттагы жаңылыктар кандай чагылдырылып жатат?
— Бизде атайын маданиятты чагылдырган адис журналисттер жок. Иликтеп, жиликтеп жазган журналисттер аз. Мен ыр дүйнөсүндө да, журналистикада да үйрөнчүкмүн. Маселен биз маданиятты жазабыз деп кимдерди баалап-барктап, мактап гезиттин башкы бетине алып чыгып жатабыз? Азыр маданий баалуулуктар өзгөрдү, жеңил-желпи болуп кетти деп жатабыз. Ошолордун баарына ким күнөлүү? Учурда эмнеге коомчулук театрдагы, операдагы, классикалык музыкадагы, адабияттагы, жалпы эле маданият тармагындагы чыныгы таланттарды тааныбайт? Ага биз — маданиятты чагылдырып жүргөн журналистер себепкер болуп жатабыз.