Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова акын менен анын чыгармачылыгы тууралуу кеп кылды.
— Буга чейин сүйлөшкөндө ооруканада жүрөм деп калдыңыз. Алгач ден-соолук сурашып алсак.
— Көр турмуштун айынан ден-соолукка маани бербейт экенбиз. Акыркы учурда жүрөгүм оорлоп баратканда бейтапканага көрүнүп, 20 күндөй дарыланып чыктым. Кудайга шүгүр, саламаттыгым жакшы.
— Себеби эмне экен? Көп ыр жазгандын кесепетиби?
— Бардыгы ушинтип айтып жатат, бул сөз көкөйүмө тийди окшойт. Жүрөгүм ооруп жатат десем "азыраак сүйбөйсүңбү, сүйүүгө азыраак чалдыкпайсыңбы" дешет. Жүрөк бир эле сүйүүдөн ооруса абдан бактылуу болмокпуз.
— Эмнеден улам ооруптур?
— Чыгармачыл адам болгондон кийин бардыгын жүрөгүмө жакын кабыл алам. Бирөө тамаша сөз айтып койсо деле үйгө барганда эмнеге айтты болду экен деп ойлоно берем. Кээ бирөөнүн териси калың болот эмеспи. Бала кезимден эле сезимталмын. Мугалимдер катуу айтып койсо дагы үйгө барып ойлончумун. Анан ошону баары топтолуп келип ооруга айланды окшойт. Азыр майда-барат нерсеге көңүл бурбаганга аракет кылып калдым.
— Ооруганыңызды кантип билдиңиз?
— Жүрөгүм сайгылашып, демиге баштадым. Акыркы бир жума жалаң өлгөн адамдарды түш көрдүм. Чындыгында коркум. Анан дарыгергерге кайрылдым. Буга чейин жүрөк оорусуна чалдыккан эмесмин.
— Майда-барат нерсеге көңүл бурбай калдым деп айтып калдыңыз. Демек бул нерсе сиздин жашооңузга сабак болсо керек?
— Дарыланып жатканда өңүмбү же түшүмбү билбейм, ооруканада өлүп бараткандай сезилдим. Таңга жетемби, жок дегенде жакындарым менен коштошуп калганга жетишип калсам экен деп аябай жаман болдум. Таң атканда кадимкидей көзүмө сонун көрүнүп, эшикти карап, кудайга рахмат айттым. Жашоону ого бетер жакшы көрүп калдым.
— Анан азыр ыр жазып жатасызбы?
— Мага азыр көп ойлонгонго, ачууланганга болбойт. Интернетке кирсең эле өлкөдөгү айрым окуялардан жүрөк ооруйт. Анан күйүттүү, көйгөйлүү ырлар чыгып кетет.
— Ар кандай жанрдагы ырларды жазасыз. Жүрөгүңүзгө кайсынысы жакын?
— Канча жашыңыздан бери акын болуп келе жатасыз?
— Акындыкка талапкермин десем туура болот. Азыр интернетти ачсаң үч-төрт ыр жазып алып "биз акындар" деп өзүн кошуп сүйлөп калышат экен. 2005-жылы борборго келгенде Садык Шер-Нияз агай түптөгөн "Калемгер" деген адабий клуб бар болчу. Ал жактан беш жыл сабак алдык. Залкар акындардын көбүн ошол жактан кезиктирдим. Алар катуу сындачу, кээ бир ырларды окуп туруп "ушуну жазганча базарга барып жашылча-жемиш сатпайсыңарбы" деп салган акындар болгон. Баракты тытып да ийгендер болду. Ошонун баарына чыдап, бышканбыз десек болот. Бирок көпчүлүгү буга чыдабайт экен. Ошол жерде отурган 30-40тай баланын эки-үчөө эле аягына чейин калдык. Азыр агайлар далыга таптабай жакшы тарбия беришиптир деп калам.
— Анан ыр жазып жүргөн кыздарыңызга жеттиңизби?
— Жетпей калган деле жакшы, сүйүү ошонусу менен барктуу дейт. Күнүмдүк жашоодогу көйгөйлөр баары бир сүйүүңдү жеп салат. Айрыкча азыр миң сүйүүң болсун, акчаң болбосо сүйүүң талкаланат.
— Ыр арнап жүргөндөрдүн арасында келинчегиңиз да бар беле? Биротоло кантип таанышканыңыздар тууралуу айта кетсеңиз.
— Ага арналган бир топ ырларым бар. Биз "Жаңы толкун" жаш акындар клубу менен майрам сайын отурчубуз. Ошондой күндөрдүн биринде болочок келинчегим дагы ал жакка барып калыптыр. Мен комуз менен ырдасам, балдар Раймаалыга биздин Бегимайыбыз жооп берип койсун деп ырдатышты. Үнү да, өзү да абдан жакты. Ошо түнү ыр окуп, ырдап, таң аткыча көңүлдүү отурдук. Анан достор бири-бирибизге жабыштырып атып сүйлөшүп, баш кошуп калдык. Жубайымдын режиссерлук боюнча билими бар. Бала менен жумушка чыга элек.
— Жубайыңыз сүйүү ырларын жазганда кызганбайбы?
— Экөөбүз тең чыгармачыл адамбыз, бири-бирибизди чектебейбиз. Мен дагы аны той-кечелерден чектеп, телефондорун карабайм. Жосунсуз кызганычтан акын дагы басынат. Айрым акындардын аялынын сөзүнөн чыга албайм, чыгармалары дагы кысылып жазылганын билип жүрөбүз. Ошондуктан биздикилер түшүнүктүү болушу керек.
— Акындар сүйүүгө туруксуз болот деп айтып коюшат экен. Бул сөзгө кандай карайсыз?
— Сүйүүгө акыл туруктуу. Акын бардыгын жүрөгүнө жакын кабыл алгандыктан, ачык айтканда көп сүйөт. Жашоодо сүйүүгө дайыма чалдыгуу трагедия эмес. Жүрөк деле таза, жумшак болсо сүйөсүң да. Сүйөт десе ар кимдин аркасынан ээрчип, талаалап кетпейбиз.
— Эргүү кайсыл учурда болот?
— Чеги жок. Рыспай Исаковдун "өнөр бул куш, бакпасаң тоок болуп калат" дегени бар. Анын сыңарындай өнөртү таптап туруш керек. Эргүү чакыруу үчүн жакшы адамдар менен баарлашуу керек. Жакшы ырларды окуп, китептерди караш керек. Мен негизи көңүлүм жакшы болсо эле ыр жаза берем.
— Жазган ырларыңыз жакпай, тытып койгон учурлар болду беле?
— Менин китепке кирбей калган ырларым абдан көп. Көбүн менден башка эч ким окуган эмес. Жаңы жазганда өзүмө абдан сонун көрүнчү. Кийин башка акындардын ырын окугандан кийин алар эч нерсеге татыбай калды. Анан китепке кошуп коюп таландыга калбайын дедим. Азыр архивде сакталып турат, эстегенде окуп, бир жылмайып коем.
— Ыр чыгарып берчи дегендер көппү?
— Ырларыңыз обонго салынып ырдалып жүрөт. Сыймыктанасызбы?
— Жакшы ырчы ырдап чыкса, албетте, сыймыктанам. Бирок ырларыма көп купулум толо бербейт. Келечекте тарыхта кала турган ырларды жазам деп ойлойм.
— Ырчылар сизге айтпай тексттерин өзгөртүп койгон учурлар болобу?
— Аларды ээнбаш катары баалайм. Көбүнө бир тыйын албай жазып бердим. Бир күнү радиодон эле башкача ырдалып калат. Башында унчукпай жүрө берчүмүн, акыркы жылдары мен дагы өзгөрдүм. Кимиси болсо дароо эле бетине айтам.
— Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиз?
— Бишкекке келгенде радиого аябай кызыгып, КТРдин айланасында жүрө берчүмүн. Бир күнү кастинг болуп калды. Ошол кезде балдардын радиого кызыгуусу күч болчу. 300 жакын бала келген. Ал жактан журналист Тынчтыкбек Кожобеков дагы эмнегедир "ыр жазасыңбы?" деп сурап, чыгармаларымдан окутуп көрдү. Кастингден өтүп кетип, үч ай окуп "Түнкү белес" радиосуна алып баруучу болуп 3,5 жыл иштедим. Андан кийин Кыргыз радиосунда, эки жыл "Де-факто" гезитинде эмгектендим. Гезитте саясий материалдарды көрүп атып жан дүйнөм кыйналып, жумуштан кетип калгам. Азыр чыгармачылыгым жана андан тышкары жумуштарым бар.
Мектеп курагынан тарта ырдайм. Буга чейин акынмын деп ырчылыкка кызыккан эмесмин. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегендей, жакынкы күндөрү ыр жаздырып, вокалдан сабак алып, жакшы чыгарма менен чыксамбы деген тилегим бар. Андан сырткары, менин чоң атам Жамгырчы манасчы болчу, атамдагы касиет болсо керек, кээде төгүм иймейим да бар. Жакында эле Элмирбек Иманалиев байкеге устат-шакирт бололу деген сунушумду киргизсем, сүйүнүү менен кабыл алган. Ал ортодо мен ооруканага жатып калдым. Буюрса эми төкмөлүктөн да сабак ала баштайм.
— Чоң атам деп калдыңыз, биротоло ата-энеңиз тууралуу да айта кетсеңиз?
Өзүмдүн ата-энем айылда дыйканчылык менен алектенет. Атам учурунда колхоздун карагай жагында, апам болсо тикмечи болуп, пенсияга чыгышкан. Пайгамбар жашынан ашып калышты, Кудайдан амандыктарын тилейм. Чыгармачылыгымды колдоп, коштоп турушат. Беш бир туугандын төртүнчүсүмүн. Менден кийин карындашым бар. Калганы үйлөнүп жайланышкан.
— Негизи сиздин фамилияңыз атыңызга караганда таанымалдай сезилет?
— Өзүмдүн фамилиям — Төлөгөнов. Төлөгөн деген Жамгырчы чоң атамдын атасы. Апам кыраакы, сезимтал адам. 2013-жылы биринчи китебимди чыгараар алдында "фамилияңды өзгөртөлү" деди. Ошентип бир жумада эле Жамгырчиев болуп калдым. Фамилиям өзүмө жагат, өзүм жамгырды жакшы көрөм.