БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишкасынын Бишкек, Чүй жана Талас облустарындагы бөлүштүрүүчү тармактары кадимки режимде иштеп жатканын компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Саат 9:00гө карата жогорку чыңалуудагы электр зымдарында Бишкек шаары, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы төрт фидерде кыска мөөнөткө өчүү болгон.
"Түндүкэлектр" кошумча жабдыктарды жана атайын техникаларды даярдаган. Андан сырткары, электрмонтерлордун 76 ыкчам бригадасы бар.
26-январда "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы саат 18:00дө Бишкек ТЭЦиндеги чыңалуу эски казан мештерге суу берүүчү жабдыктын иштен чыгышынан улам 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылганын билдирген.
Келтирилген ыңгайсыздык бир нече сааттын ичинде чечилери айтылганы менен 27-январда эртең менен компаниянын маалымат кызматы ал дагы деле жөнгө салына электигин маалымдады.
Көп кабаттуу үйдө жашаган шаар тургундары батирлер суук болуп жатканын айтышууда.