Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Көчкү алдынан табылган сөөк

Жазылуу
Кутман таң! Тышта ызгаар суук, жылуу кийингиле!

Жылуулуктан сулуулук. Өзүм аябай үшүкчөөл адаммын. Кичине суук болсо эле оронуп-чулганып жатып калам. Бүгүн болсо чилденин так ортосу окшойт, түкүрсөң түкүрүгүң жерге жетпейт. Бирок ушундай суукта да үшүбөй, башына топу кийип же жоолук салынбаган кыздарды көрүп таң бердим. Байкуш апалары жанында болгондо ороп-чулгап чыгарса керек же алардын сөзүн кулак тышынан чыгарып кетип калышты бекен? Жакында эле бир аяшым башын жылуулабай жүрүп неврит оорусуна кабылып, бетинин бир жагы кыйшайып калыптыр. Дарыгерлер суук тийди дешти. Андыктан ата-энебиз айткандай "сулуулуктан жылуулук", өзүңөрдү жакшы карап, жылуу кийингиле! Мындай суукта базарда соода кылгандар кантти экен деп да Асан кайгы болдум.

Казакстанда да ит өлгүдөй суук болуп жатат. Ызгаардан 200дөн ашык киши үшүк алып дарыгерлерге кайрылыптыр.

Убада. Буга чейин аба ырайы өзгөрүп ӨКМ тарабынан шашылыш билдирүү жарыяланса Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча билеттердин баасын төмөндөй турганы айтылган. Министрлик күндө телевизор, радиодон шашылыш билдирүүнү кайталап бердирип жатат. Аталган каттамда билет баасы арзандадыбы? Кабарчыбыз Эламан Кармышаков билип көрдү. 

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагында аңчылыкка чыгып, кар көчкүдө калган 39 жаштагы жарандын сөөгү табылды.

Ызгаар суукка карабай кечээ шаар тургундары Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Негизи митингдер жаз, анан күз айларында башталчу эле, кыштын кыраан чилдесиндеги акциядан депутаттар чочуп кетсе керек.

Кечээ социалдык тармакта тааныганы, тааныбагыны деле Хабиб Нурмагомедовду ооздорунан түшүрүшкөн жок. UFC мушкери алгачкы жолу Бишкек шаарына келип, аны күйөрмандары болуп көрбөгөндөй тосуп алды.

Кыргызстандын кайсы аймагында уй баксаң пайдалуу жана кирешелүү болорун кабарчыбыз Бегимай Бакашева даярдаган материалдан окуп алыңыздар.

Ата-бабалардын жазылбай калган салттык мыйзамдары азыр да өз күчүн жогото элек. Бул жолу Sputnik агенттиги жууркан-төшөккө карата болбой турган нерселерди тизмектеди.

Бүгүн айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.32 (сатып алуу) жана 68.59 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 42.00 сом, ал эми дизель майы 41.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ден-соолугуңарды карагыла!

Жакшылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0