Жети-Өгүздө кар көчкүдө калган кишинин сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРСнежная лавина в Джеты-Огузском районе
Снежная лавина в Джеты-Огузском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түшкөн кар көчкүнүн болжолдуу көлөмү 155 миң куб метрге жеткен

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагында аңчылыкка чыгып, кар көчкүдө калган 39 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Эске салсак, кечээ, шейшемби күнү, саат 17:00дөр чамасында Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда кар көчкү түшүп, ал аймакта жүргөн үч адамдын бирин басып калган. Аны издөөгө бүгүн 52 куткаруучу жана 50 жергиликтүү тургун тартылган.

"Бүгүн, 24-январда, саат 12.50дө маркумдун сөөгү куткаруучулар тарабынан табылды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда сөөктү тоодон түшүрүү иш-чаралары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0