БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы Ош көчөсүндө жайгашкан "Алым-Ата" кафеси толугу менен күйүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Өрт 23-январь күнү саат 17.50дө чыгып, алты өрт көчүрүүчү бөлүм тартылып, 19.30да чектөөгө алынган. Эки сааттан кийин өрт толугу менен өчүрүлгөн.
© © видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
"Кырсыктын кесепетинен темир контейнерден курулган кафенин 450 чарчы метр болгон чатыры, пластик шыбы жана дубалы толугу менен күйгөн. Өрт электр шаймандарын куроодо эреженин бузулушунан улам келип чыккан", — деп айтылат маалыматта.
Тилсиз жоодон жабыркагандар болгон эмес.
Өрттөн кантип сактануу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан окуңуз>>