Баткен шаарынын жашоочусу фермер Асилбек Тажибаевдин күнү эртең менен кичинекей канаттуулардан кабар алуу менен башталат. Учурда ал бөдөнөлөрдү инкубатор жолу менен көбөйтүүнүн аракетин көрүп жатыптыр. Фермер бул канаттууларды кандай шартта кармап, кантип багып, көбөйтүп келе жаткандыгы тууралуу айтып берди.
Бишкектен келген идея
Баары 2013-жылы жубайы ооруп калып, дарыгерлер бөдөнөнүн жумурткасын ичүүнү сунуштагандан башталыптыр. Жумуртка издеп айласы кетет. Жол түшүп, Бишкек шаарына барып, бөдөнө кармаган фермерге капысынан жолугуп калат.
"Аны багуунун жол-жобосун сураштырдым. Бул канаттуунун жумурткасын таап, Кытайдан атайын аппарат алдырдым. Ар бир жыйырма күндө жумуртка бастырып отуруп, азыр фермада беш жүзгө жакын бөдөнө бар. Бөдөнөлөрдүн түрлөрүн мен түсүнөн ажыратам", — деди Тажибаев.
Фермердин жубайы Мавлюда Тажибаева да жолдошуна кол кабыш кылып, бөдөнөлөрдүн жем-суусун берип жардамдашып жүрүп, канаттуунун сырын билип алган. Ал бөдөнө назик, камкордукту талап кылган канаттуу экендигин айтты.
Кожойкеден короодогу жылуулук 25 градустан төмөн болбошу керектигин эшиттик.
Алардын алды кургак болуусу үчүн көзү майда, темир торчо менен капталышы зарыл экен. Балапандары бир айдан кийин чоң бөдөнөлөрдү кармоочу жайга которулуп, эки айда балапандар жетилген соң жумуртка бере баштай турганын билдик.
"Тамак-ашка пайдалануу үчүн сойгонго да жарап калат. Бөдөнөлөр сууну көп талап кылгандыктан үзгүлтүксүз берип турабыз. Табигый, таза жем, буудай, жүгөрү, төө буурчак, буурчак жана күн караманы тегирменден чыгарып майдалап беребиз. Чопону да майдалап берем. Анткени курамында кальций көп экен. Жумуртканын сырты калың болушуна да жардам берет", — деди Тажибаева.
Бөдөнөлөрдүн жумурткаларын чогултуп, сатуу үчүн кутучаларга салуу милдети Тажибаевдердин 13 жаштагы кызы Зульфияга жүктөлгөн. Ата-энеси үйдө жокто бөдөнөлөрдүн жем-суусун берип, жөжөлөрүн саноо — кыздын милдети.
Адамдын денесинин орточо табы 37 болсо, ал эми бөдөнөнүкү 47-50 градус
Дары иретинде колдонулган жумуртка
Фермер кошумчалагандай, бөдөнөнүн жумурткасын дарылык үчүн сатып алышат. Кадимки тооктун жумурткасынан үч эсе кичине болгону менен көптөгөн ооруларга табылгыс дары. Тамак-ашка колдонууга караганда өзгөчө дарылык касиети үчүн колдонгон жарандардын саны көп. Жумуртканы кайсы ооруга кантип колдонуу керектиги тууралуу дарыгерлерден кеп-кеңеш алып турат.
"Дарыгерлердин айтымында, бөдөнөнүн эти менен жумурткасы бул универсалдуу дары. Анткени ашказан, нерв системасын дарылап, сөөктү, тишти, тырмак жана чачты жакшыртат. Иммунитетти бекемдейт. Кант диабети жана бронхиалдык астмага жакшы жардам берет. Токсикозду жеңилдетүү менен кан басымды калыбына келтирет. "Жардамы жакшы болуп жатат" деп ыраазычылык айтып келгендер көп", — деди фермер.
Ургаачыга караганда эркеги көп…
Асилбек Тажибаев менен Мавлюда Тажибаева эки кыз беш уулду тарбиялап өстүрүүдө. 48 жаштагы фермер бөдөнөлөрдөн сырткары үйүндө тоок, каз жана башка бир катар канаттууларды багат. Алары да инкубатордон чыгарып, көбөйтсөм деген ниети бар.