00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Безопасность еды по правилам ЕАЭС: готов ли бизнес к новым требованиям
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Курулуш секторун өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тармактагы эң чоң көйгөй кайсы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Биримдик кербени» — ценность и бережное отношение к воде в регионе станет символом ВИК-2026
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаш кадрларга көмөк – ветеринарларды колдогон атайын долбоор ишке кирип жатат
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: “Биримдик кербени” маданий долбоору кандай ишке ашат?
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кесилбестен жана оорутпастан дарылоо — уролог лазердик хирургия тууралуу
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Атасы мамлекеттик маанилүү кызматта болсо сакмалда иштеген Роза Акназарова
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Муздаткычта сакталган даамдар. Жер-жемиштерди тоңдуруу боюнча адистин кеңеши

© Sputnik / Алексей Сазонов / Медиабанкка өтүүЖашылча жемиштер. Архив
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баарыбыз эле кайсы убакта болбосун жаңы бышкан, витаминге бай жер-жемиштерди жегибиз келет. Бирок мындай мүмкүнчүлүк дайым боло бербейт. Мисалы кышкысын айрым жемиштерди кыям же консерваланган салаттардан гана көрө алабыз.

Бирок акыркы кезде үй кожойкелери жер-жемишти кышкыга сактоонун дагы бир ыкмасын колдоно башташты. Бул — муздаткычта тоңдуруп коюу.

Канткенде аларды туура жана пайдалуу заттарын жоготпогудай кылып тоңдуруу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигине "Манас" университетинин илимий кызматкери, тамаш-аш технологиялары боюнча адис Айбек Бөдөшов айтып берди.

© Фото / Кубат Кемелов"Манас" университетинин илимий кызматкери, тамаш-аш технологиялары боюнча адис Айбек Бөдөшов
Научный сотрудник университета Манас, специалист по технологии приготовления пищи Айбек Бодошов - Sputnik Кыргызстан
"Манас" университетинин илимий кызматкери, тамаш-аш технологиялары боюнча адис Айбек Бөдөшов

"Муздаткычта өсүмдүктөрдү тоңдуруу тохнологиялары татаал эмес, бирок бардык эрежелери так сакталышы керек. Мисалы, тоңдурганга чейин жууп, тазалап, кургатып алуу зарыл. Андан да маанилүүсү ар бир жемиш жаңы үзүлгөн, жакшы бышкан жана чириги болбошу шарт. Тоңгон жемишти эриткенден кийин кайра тондурууга болбойт. Андыктан, бир жегенге жете тургандай кылып, аз өлчөмдө контейнерге же желим баштыкка салыш керек", — деди Бөдөшов.

Кышкыга дээрлик бардык жашылчаларды тоңдуруп койсо болот. Бирок арасында температуранын түшүшү менен даамын, пайдалуулугун жоготуп, эриткенде боткого айланып калчулары бар. Мисалы, пияз, сарымсак, түрп же дарбыз сыяктуу ширеси көп жемиштерди тоңдуруунун пайдасы жок.

Аравандык Анвар аттуу дыйкан көп жылдан бери күнөскана тармагын мыкты өздөштүргөн адис, жеке ишкер Бакай Алиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда биринчи жолу күнөсканада дарбыз бышты. Адис менен маек
Адистин айтымында, тоңдурулган азыктар —18-20 же андан да төмөн градуста сакталышы керек. Тоңгон жемишти туура эритүүнүн дагы өзүнүн жол-жобосу бар. Мисалы, алгач муздаткычтын тоңдурчу текчесинен алып чыгып, муздатчу текчесине коесуз. Бир канча убакыттан кийин гана бөлмө температурасына чыгарсаңыз болот. Ал эми шашылыш түрдө ысык сууга салып эритүүдө жемиш пайдалуу заттардын баарын сууга чыгарып жибериши мүмкүн.

Бардык шарттар сакталганда жашылчаларды — 3-12 ай, жемиштерди — 9-12 ай, көк-сакты — 3-4 ай, козу карындарды жана болгар калемпирин — 3-6 ай сактаса болот.

Тоңдуруу технологиясынын кайсы бир шарттары бузулганда аны жеген адам ууланып калышы дагы толук ыктымал.

Кайсы жер-жемишти кантип туура тоңдурабыз?

Өрүк, кара өрүк

Тазалап алгандан кийин данегин чыгарып салуу керек. Андан соң контейнерге салып, муздаткычка коесуз.

Алма, айва, алмурут

Буларды тоңдуруу бир аз түйшүк жаратат. Анткени карарып кетпеш үчүн анча майда эмес кылып кесип туруп лимон ширеси кошулган сууга чылай туруш керек. Андан алып чыгып кургаткандан кийин гана муздаткычка саласыз.

Буурчак, жүгөрү

Экөөнү тең алгач кайнак сууга бир малып алып, андан кийин буурчакты кабыгынан, жүгөрүнү сөңгөгүнөн ажыратасыз. Таза майлыктын үстүнө жайып кургатып туруп, анан муздактычка жөнөтөсүз.

Болгар калемпири

Ичин тазалагандан кийин бири-биринин үстүнө кийгизип тизип, баштыкка же контейнерге салыңыз.

Сабиз

Житель села Терек-Суу Кенжетай Уркунчиев - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башыга дарбыз, анделек өстүргөн Үркүнчиев: эми жемиш бактарын көбөйтөм
Сабизди тазалагандан кийин өзүңүзгө керектүү формада туурап, желим баштыкка салып, муздаткычка жайгаштырасыз. Кааласаңыз, сабизди дагы буурчак жана жүгөрү сыяктуу тууралгандан кийин ысык сууга бир малып алсаңыз болот.

Баклажан

Баклажанды тоңдурардан мурда өзүңүзгө жаккан формада туурап аласыз. Тоңгон баклажанды шорполуу тамакка кошсоңүз эң сонун болот.

Түстүү капуста, брокколи

Экөөнү тең алгач кайнак сууга бир нече мүнөт сала туруп, алып чыккандан кийин майда бөлүкчөлөргө бөлөсүз. Муздаткычка салардан мурда экөөнү тең жакшылап кургатыш керек.

Помидор

Помидордун майдаларын бүкүлү бойдон, чоңураактарын туурап туруп тоңдуруу зарыл. Болгону майда помидор жарылып кетпеши үчүн кичинекей көзөнөк жасап коюңуз.

Козу карын

Козу карынды дагы башка жашылчалар сыяктуу тоңдурса болот. Шарттары баягыдай эле, тазалап, жууп, кургатып туруп баштыкка саласыз.

Майда жемиштер

Карагат, малина, бүлдүркөн, тыт сыяктуу майда мөмөлүү жемиштер дагы муздаткычта жакшы сакталат. Айрымдар бул жемиштерди блендерден өткөрүп туруп шекер аралаштырып сактоону туура көрүшөт.

Көк-сак

Жусай, ашкөк, петрушка сыяктуу көк-сактарды ыңгайлуулук үчүн баштыкка эмес, контейнерге салып тоңдурган туура. Болгону алдын ала жууп, кургатып, майда туурап коюш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0