00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедненвные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
Бусан фестивалында көрсөтүлгөн "Качкын" тасмасын дүйнө эли кандай кабыл алды?
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
«Великий Гэтсби»: иллюзорность американской мечты
18:06
35 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө10:15. Атамбаев саясатка кайра келеби?..

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңузбу, замандаш. Бүгүн күнгө шаршемби. Ошентип кыш күчүндө.

Синоптиктердин айтымында, Бишкек шаарында мезгил мезгили менен кар жаап, 3 градус суук болсо, Ошто 2 градус жылуу болушу күтүлөт. 

Кыш күчүндө, кар кабелтең болуп, жолдор тайгак. Андыктан ӨКМ сапарга чыккандарды сак болууга чакырды. Абайлайлычы, деги. Себеби кечээкидей болуп 11 адам жабыркап, бирөө оор абалга кабылган автожол кырсыктары кайрадан көп кайталана баштады.

Адамдын ден соолугун азыр техниканын өнүгүшү бир жагынан сактаса, бир жагынан аксата баштаган өңдүү. Бишкекте абанын булганганганы тууралуу акыркы учурда арбыныраак айтыла баштады. Экологдор алардын бир себеби катары автоунаалардан чыккан түтүндөрдү айтып жатышат. Өкмөт башчы Бишкек шаарындагы булганган абага көңүлүн буруптур.

Автомобиль демекчи, 2018-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан менен Казакстан сапаттуу күйүүчү K4 жана K5 классындагы бензинге өтүшү керек болчу. Ал эмне деген мунай заты экенинен кабарыңыз барбы?

Бир жыл мурдагы трагедия… Бозоргон моло, ачуу көз жаш, көкүрөктү жеген сагыныч. 2017-жылдын 16-январында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылына таңга жуук жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Ошол учак шыпырып кеткен 73 үйдүн орду сейил бакка айланмакчы.

Бири кетип, бири келип, жашоо улана берет тура. Экс-президент Алмазбек Атамбаев саясий айдыңга аралаша турган өңдүү. КСДП курултайында партияга Атамбаевди төрага кылып шайлоо маселеси карала тургандыгын анын саясататтагы үзөңгүлөшү экс-төрага Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.34 (сатып алуу) жана 69.57 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.80 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.90 сом, ал эми дизель майы 40.40 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Иш жумаңыздардын ийгиликтүү уланышын каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0