Элеттик окуучуларга Бишкекте маданий экскурсия уюштурулду
Элеттик окуучуларга Бишкекте маданий экскурсия уюштурулду
Sputnik Кыргызстан
"Жаш карек — Кыргызстан балдардын көзү менен алганда" долбоорунун алкагында элеттик балдарды шаардын, ал эми шаардагы балдарды айылдын маданияты менен... 12.01.2018, Sputnik Кыргызстан
"Жаш карек — Кыргызстан балдардын көзү менен алганда" долбоорунун алкагында элеттик балдарды шаардын, ал эми шаардагы балдарды айылдын маданияты менен тааныштыруу максаты коюлган.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Борбор калаанын мэриясы Чүй облусунун Кемин районунан келген мектеп окуучулары үчүн Бишкек шаарында маданий иш-чараларды уюштурду. Бул туурасында мэриянын билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Анда элеттик балдарды шаардын, ал эми шаардагы балдарды айылдын маданияты менен тааныштыруу максаты коюлган.
Бул иш-чара мэриянын колдоосунда "Жаш карек — Кыргызстан балдардын көзү менен алганда" деп аталган долбоордун алкагында өттү. Анда элеттик балдарды шаардын, ал эми шаардагы балдарды айылдын маданияты менен тааныштыруу максаты коюлган. Андан сырткары, мекенчилдикке тарбиялап, Кыргызстандын географиясы менен тарыхы менен тааныштырат.
Окуучулар Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде болуп, андагы искусствонун мыкты чыгармалары менен таанышып, андан сырткары, кинотеатрга барышты. "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатыны көрүп, шаардын бир күндүн жашоосуна күбө болушту.
2014-жылдан борбор калаадагы окуучулар Токмок, Нарын, Кара-Балта аймактарына барса, Кемин, Сокулук, Кочкор жана Панфилов райондорунун окуучулары Бишкекке келип кеткен. Учурда Чүй облусунун Кант шаары менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарларынын бул багытта кызматташуусу пландалууда.