Ардактуу кесиптин ээси менен Зульфия Тургунова маектешип, мугалимдик кесиптин түйшүгү, кубанычтуу көз ирмемдери, окутуучунун студенттик, жаштык кези тууралуу кеп кылды.
Атамдын жолун жолдоп мугалимдик кесипти тандагам…
20 тыйыным жок, аэропорттон үйүмө кете албай…
Институтта үч маал тамак берер эле. 12 сом стипендия алчубуз. Студенттер үчүн арзандатылган баа — жети сомго учакка билет алып, Ошко учуп келчүмүн. Бирок аны кышында гана пайдаланчубуз. Жайында билет он беш сомдон сатылчу. Ошол студенттик доордогу эсимде калган кызыктуу окуяны дагы эле унута элекмин. Айыл чарба жумушунан кийин Ошко учайын деп аэропортко келсем билет Ошко эмес, Жалал-Абадга бар экен. Бирок Ошко караганда кымбатыраак. Ата-энемди, бир туугандарды сагынып, аларды көрсөм дегенде эки көзүм төрт, бирок аэропорттон үйгө жетүү үчүн жол киреге 20 тыйыным жок. Акча табылганча Бишкекте болуп турайын десем билетке деген акчаны коротуп коем. Баш катты да тобокелчиликке салып, Жалал-Абад шаарына учууга билет алдым. Учакка отургандан баштап, түшкөнгө чейин акча жок үйгө кантип жетем деп денемди калтырак басты. Себеби чөнтөктө бир да тыйыным жок эле. Аэропортко келсем биздин айылдык агалар жүрүптүр. Аларды көргөндө атамды көргөндөй маңдайым жарыла сүйүнүп, ошолордун жардамы менен үйгө жетип келгем. Ошондо балалык кылып аябай эле корккон экем. Азыр ал күндү эстеген сайын жылмайып алам.
Курсташ кыздын башын жарып коюп…
Стипендиямды үнөмдөп эки студент эжемди бакчумун…
Студент кезде алган 12 сом стипендиямды дептер, калемден башка нерсеге коротчу эмесмин. Жатаканада жашагандыктан үч маал тамак акысыз берилчү. Атам мугалим болгондуктан ошол мезгилде 120 сом маяна алчу. Ал акча менен жети кыз, үч уулун багар эле. Менден улуу эки эжем да борбордо студент. Айсалкын аттуу эжем медициналык институттун педиатрия бөлүмүндө, дагы бир эжем Калыс Исхак Раззаков атындагы технологиялык университетинин тамак-аш технологиясы адистигинде окучу. Атамды аяп, эки эжеме жардам кылайын деген үмүт менен жаш болсом да 12 сом стипендиямдын 5-6 сомун үнөмдөп аларга берчүмүн. "Акчаны кайдан алып жатасың" деп мага таң калышчу.
Көлдүк жигиттерди карабай, өз айылымдагы жигитке турмушка чыктым
Союз ыдырыгандан кийин маяна берилбей, ордуна чай, ун берип, аябай кыйналганбыз…
Мугалим — кайсы доордо болбосун түйшүктүү кесип. Кесибин сүйгөн мугалимдин гана колунан мыкты инсандар тарбияланып чыгат. Кырк жылдык өмүрүмдү мугалимдик кесипке арнаганыма такыр өкүнбөйм. Себеби кесибимди туура эле тандагам. Өмүр бою бир мектепте иштедим. 1976-жылы эмгек жолумду баштаган болсом, 2012-жылы ардактуу эс алууга чыктым. Советтер Союзу таркагандан кийин эмгек акыбыз берилбей, акча ордуна чай, материал, ун берип калган эле. Ошол мезгилде аябай кыйынчылык тарттык. Мугалимдер үчүн өтө оор болгон. Жай мезгилинде эс алууга чыкканда Россияга барып иштеп келип жүрдүм. Ошентип жан баккан күндөр да өттү…
Талапты катуу койгон мугалим элем. Ошол эле учурда мээримдүү да элем. Балдарды жакшы көрүп, cабакка болгон кызыгуусун арттырып, математика сабагы татаал предмет болгондуктан оюндарды уюштуруп ийчүмүн.
Жакшы иштегеним үчүн кесиптештер арасында урмат-сыйга ээ болдум. "Эл агартуунун отличниги" сыйлыгын алдым. Бул менин өмүр бою кылган мээнетиме алган сыйлыгым. Аз айлыкка чыдап кесибим менен бактылуу турмуш сүрдүм. Кесибимди туура тандаганыма сыймыктанам.