00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Темир Жумакадыровдун келинчеги коомчулукка кайрылды

© Фото / из архива Илима КарыпбековаВице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров с семьей
Вице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров с семьей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйүналиева тезинен жолдордун коопсуздугун камсыздоо боюнча реформа жүргүзүү керек экендигин айткан

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Октябрь айында жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер Темир Жумакадыровдун келинчеги Нора Сүйүналиева бийликке жана коомчулукка ачык кайрылуу жасады.

Вице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров и глава КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Илим Карыпбеков: менден жүз эсе таза Темир кетип, мен тирүү калганыма уялам
Эске салсак, вице-премьер Темир Жумакадыров 2017-жылдын 7-октябрында Москва районунун Садовое айылында кетип бараткан Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жолтандабас КамАЗ менен кагышкан. Жумакадыров жол кырсыгы болгон жерден каза болгон. Аны менен чогуу жардамчысы жана айдоочу дагы мерт кеткен. Ал эми КамАЗ автоунаасынын жүргүнчүсү жаракат алган.

Аталган кайрылууну Сүйүналиева өзү жазганын Sputnik Кыргызстан агенттигине бул үй-бүлөнүн досу, КТРК телеканалынын жетекчиси Илим Карыпбеков тастыктады.

"Жашоо татаал экен. Бул дүйнө менен бир убакта үч күчтүү, Ата Мекенин өзгөчө жакшы көргөн патриот Темир, Нурлан, Нурбек аттуу мырзалар кош айтышты. Тагдыр экен, Коопсуздук Кеңештин "Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча" чечимин ишке ашырууга менин жолдошум, досум, сүйүүм Темир Жумакадыров жооптуу эле, бирок өзү жол кырсыгынан каза болуп калды", — деп жазган Сүйүналиева.

© Фото / предоставлено Норой СуюналиевойЖубайлардын жаңы баш кошкон учуру
Вице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров - Sputnik Кыргызстан
Жубайлардын жаңы баш кошкон учуру
Ал Жумакадыров жетекчи болуп турганда жол кырсыгын жоюуга бир катар иш-аракеттер көрүлө баштаганын эскерген. Ошондой эле үч адамдын өлүмүнөн беш бала жетим калганын айтып, эми балдарына "атам кайда, эмнеден каза болду эле", "атам менин майрамдык иш-чарамды көрбөй калганы кандай өкүнүчтүү", "атам жаныңда болом деп сөз бербеди беле" деген суроолорго жооп берүү коркунучтуу болуп калганын айтып кейиген.

Похороны по погибшим в результате крушения грузового Боинга-747-400 в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Айылды бүлүнткөн учак, көчкүдө калгандар, өрттөн жайрагандар. Жылдын 9 каргашасы
"Үч жесир кара жоолук жамынып, коргоочусун, сүйүктүүсүн жоготуп отуруп калды. Жеке менин жашоом каргашага чейин жана каргашадан кийин болуп экиге бөлүндү. Үч ата, үч эне өмүрү өткөнчө балдарын жоктоп жүрөт. Бул дүйнөдө кайсы элде болбосун ата-эне үчүн баласын жоготкондон өткөн азап жок", — деп өксүгөн Сүйүналиева.

Жумакадыровдун келинчеги бир гана анын жолдошу кабылган жол кырсыктын эмес, башка да жол кырсыгына себепкер, күнөөкөр болгондор тийиштүү жазасын алыш керек деп кошумчалап, ага бийлик жакшылап көңүл бурушу керектигин баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0