БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин байрасмий жолугушуусу маалында "Ислам мамлекетинин" идеологиясын жайылтуу күчөп жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Эске салсак, Жээнбеков 26-декабрда Астана шаарына болгон расмий иш сапарынан кийин аталган жыйынга катышуу максатында Россияга учуп кеткен.
"Борбор Азияда "Ислам мамлекетинин" жана ушул сыяктуу радикалдык уюмдардын идеологиясын жайылтуу күч алууда. Жарандарыбызды өз катарына кошууга аракеттер болуп жатат", — деди президент.
Ошондой эле ал КМШ өлкөлөрүнүн жана ЖККУнун активдүү кызматташтыгы болбосо, жамааттык коопсуздукту жана чек аралардын бекемдигин сактоо мүмкүн эместигин баса белгиледи.