Кылмышкердин артынан кубалап баратып Зилалиев оюнда өз эркиндиги менен коштошууга да үлгүргөн. Sputnik Кыргызстанга отставкага убактылуу кетердин алдында ал агынан жарыла маек курган.
Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев бир нече жаңжалдын баш каарманына айланды. Оозу менен басып, мурду менен тынгандардын баары ал тууралуу талкуулап жатып калды. Күч органдарындагы 11 жылдык тажрыйбасы бар бул киши ИИМ Академиясынын курсант кызына өкмөттүк трассада жардыргыч зат коюлган деп кабарлаган имиш… Ой калчап көрөлүчү: Зилалиев Карагандадагы ИИМ Жогорку мектебин аяктаган, Анкара жана Москвада билим алган. 1990-жылдары кылмыш иликтеген, айтор, бир сөз менен өзүн өзү жараткан адам.
— Келиңиз, кеп башынан болсун. Үй-бүлөңүз, балачагыңыздан баян этсеңиз.
— Сиздин өмүр жолуңуз тууралуу окуп чыктым. 17 жашыңызда электромонтажчы болуп иштепсиз. Бул алгачкы иш тажрыйбаңыз беле?
— Жок, эң биринчиси 6-класста болгон. Досторубуз менен бирге лимонаддын бөтөлкөлөрүн чогултуп, 20 тыйындан өткөрчүбүз. Бир күнү жүк ташуучу болуп ишке орноштум — ун, канттын каптарын ташучумун. Оор деле болчу эмес: спортко кызыккандыктан, гантель көтөрө машыгып турчубуз. Алгачкы айлыгыма 70 рубль беришкени эсимде, оо, ал мен үчүн кандай акча эле! 10 рублди алып, калганын апама бергем. Өзүмдү өтө кыйын жигит сезгем ошондо! Электромонтажчыга чейин далай кызмат кылууга тийиш элем. Адегенде бригадир Саша байкенин кол алдында иш баштадым, аябай катаал киши эле (кээде катуу сөгүнгөнчө урушуп койчу). Бирок, ал кесипти тез эле өздөштүрдүм. Устундарга чыгып, кабель тартып, жаңы курулган үйлөргө электр кубатын киргизип, аларды ичтен бөлүштүрүп, сайгычты, жандыргычты, электр чырагын кайда жайгаштырарын белгилечүбүз…
— Демек, Кара-Көлдө Дүйшөнбек Зилалиев электр тартып берген үйлөр бар тура?..
— Ооба, абдан көп!
— Бишкекте кантип тергөөчү болуп иштеп калдыңыз?
— 90-жылдардын ортосунда кылмыштуулук күч алганы байкалган. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында иштей баштагам, ал жака тоноо, киши өлтүрүүлөр күн сайын катталчу. Баңгилер көп кармалчу. Күнү-түнү нөөмөткө чыкчубуз. Үлгүрбөсөк, кийинки бир суткага калчубуз.
Бир окуя жашоомо абдан таасир эткен. Тажрыйбасыз, бирок, эрдемсиген тергөөчү кезим эле. Бир эмес, нечен ирет кылмышка барган ууруну колго түшүргөнбүз. Убактылуу кармоочу жайга анын аялы баласы менен келип, кабар алып турчу. Ага боорум ачыйт эле.
Үйгө барып, документтерди чогултуп, кызматтык күбөлүгүмдү алып, жетекчиге кирдим. Окуянын чоо-жайын айтып бердим. Окуянын алган нугу мага аябай күтүүсүз болду. РИИБдин бардык кызматкерлерин топтоп: "Келгиле, Дүйшөнгө көмөктөшөлү, балабыз жаш, келечектүү". Баарыбыз жалпылай кайда качар ыктымалдарын карап чыктык. Бизге анын туугандарынан бири жардамдашты. Көрсө, кылмышкер бардык туугандарын тажатып бүтүптүр, ал бизге кубана көмөктөштү.
Бир короодон экинчисине жөнөйбүз, бир азга гана кечигип калабыз. "Ооба, бул жерде болчу, бирок, чыгып кетти" – дешет барган жерибиздегилер. Түн, кыштын кыраан чилдеси… Соңунда издөө салынган адам жашынышы мүмкүн деп шектелген акыркы үйгө келдик. Кишилер чыгып, аны тааныбай турганын айтышты… Ошол маалда айыпталуучунун аялы көзүмө чалдыкты, казандын алдына от жагууга чыгыптыр. Мени көрүп, коркуп кетти. "Күйөөм кайда экендин билбейм" деди. Ишенбей, үйгө кирдим.
Майрамдап, бир бөлмөдө арак ичип жатышыптыр, экинчисинин эшигин ачтым. Каалганын дал тушунда бир киши гезит окуп олтурат. Газета акырын ылдыйлап, көздөрүбүз чагыла түштү. Биз издеген киши! Кылмышкер муштумун түйө мага атырылды, мушташа кеттик. Акыры, аны алсыраттык… Ал эми мени жетекчи өзүн кандай алып жүрүшү керек, жамаат деген эмне экендиги тууралуу өмүр аягына чейин жетчү сабак алдым.
— Күч органдарынан жарандык багытка өткөнүңүзгө өкүнбөйсүзбү?
— Өтө кыйын болгону менен өкүнүч жок. Мамлекеттик мүлк фондусунун юридикалык бөлүмүн жетектөөнү сунушташканда үч ай ойлондум. Жарандык багытта эмне кылмак элем деп санаага баттым. Бара-бара көнүп кеттим. Милиционердин дүйнөсү түшүнүктүү, бирок, тар. Ал эми жарандык нуктагы жумуш – мухит (океан)… Жок, мен чындап өкүнбөйм.
— Мындай чоң кызматтарга жетериңиз оюңузга келди беле?
Көрсө, эсеп жөпжөнөкөй экен. Кийин президент: "Ал жакты коррупция чырмаган. Күч органдарындагы тажрыйбаңдан улам, сага үмүт арттык. Бул чоң сынак — тартипке келтирүү зарыл" – деп түшүндүрдү. Менимче, мага тагылган милдетти аткардым. Иштин майнабын көрсөтө алдык.
— Вице-премьерликти сизге кандайча сунушташты?
— Өнөр жай, энергетика жана жер байлыгын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектечүмүн. Кыска өргүүгө убакыт тапкам… Негизи өмүрүмдө эч качан 30 күн өргүүгө чыкпагам, ашып кетсе 10 күн. Кызматта бир да ирет оорукана үчүн уруксат албай, оорусам да жатчу эмесмин.
Командабызда мен жакшы тааныган, көңүлүмө төп адамдар көп эле: Толкунбек Абдыгулов, маркум Темир Жумакадыров… Бул менин чечимиме таасир этти. Мындай команда менен тоону томкоро аларыбызды аңдадым.
— Бул кызматты болгону үч ай аркаладыңыз…
— Бул саясат, чоң саясат… Кандай кызмат болбосун, кадыресе карайм. Жок, мага иш маанилүү, жыйынтыктын мааниси чоң. Бирок, кызматка жеке ишим сымал жармашууга моралдык акым жок. Өлкөдө алты миллион киши жашайт, алардын арасынан мамлекетке кызмат кылууга даяр татыктуу адамдар арбын экендигине ишенем. Бир сырымды ачайын: портфелимде дайым кызматтан кетүү арызымды салып жүрөм. Алмазбек Шаршенович менен да, Сапар Жумакадырович менен да талашып-тартышкан күндөрүм болгон. Мен чочулабайм, каалаган убакта кызматымды тапшырып кете алам.
— Мамлекеттик мүлкү башкаруу фондусунун жетекчилик кызматында кандай пландарыңыз бар?
— Эбегейсиз. Мында башаламандык бар дегим келбейт, мурдагы төрагаларды сынга алгым жок, бирок, кайрадан Геология мамлекеттик агенттигине баргандай сезимде болдум. Ишти башкача нукта кургум келет. Тартипсиздик орун алган борбордук аппаратты ушул калыбында калтырууга болбойт. Андан соң, кадрларды алардын аткарган милдеттерине жараша карап чыгабыз.
Калктын сыны — мамлекеттик мүлктү натыйжасыз башкарышууда деген пикирлер адилеттүү эле. Азыр Экономика министрлиги менен биргеликте бир нече мыйзам долбоорлорун даярдоодобуз. Баары ачык, натыйжалуу жана кирешелүү болушу үчүн башкаруунун заманга бап ыкмаларына таба алабыз деп ойлойм.
— Бир айым депутат ага баш баккан эл сөзсүз бир нерсе сураганына кейиди эле. Кай бирине акча, дагы башкасына батир керек. Мыйзам чыгаруучу айым анын сыйкыр таягы жок экендигин түшүндүрөрүн, бирок, жогорку кызматта болсоң, сан жеткис байлыгың бар деп ойлошорун айтты эле. Сизди бай деп атоого болобу?
— Албетте, менин байлыгым — үй-бүлөм, ата-энем, балдарым. Аларды эч нерсеге алмашпайм! Эгер дүнүйө тууралуу сурап жатсаңыз, мен көптөгөн депутат жана министрлер өңдүү кедей да, чириген бай да эмесмин.
Үч батир жана контейнерлерди сатып алгам, азыр бизди ошолор багат. Ушундай пассивдүү кирешебиз бар. Өргө чаап кетпейм, бирок, бул мага жетиштүү. Бизди бай деп атоо кыйын, үй-бүлөм – ортозаар турат.
— Бизге тамакты жакшы жасарыңыз тууралуу да кабар жеткен.
— Ооба. Эмнеге үйрөнгөм? Үйдө төрт уул жана атам – беш эркек апамды аяп, өзүбүз үй жыйнап, тамак жасаар элек. Москвада жатаканада жашап жүргөнүмдө мунун пайдасы тийди. Россиялыктарга палоо басып, ооз тийгизгем, апам менен анын курбуларына чыныгы орус борщун жасап бергем. Менин жасаганыма ишенишкен да эмес.
— Социалдык медиадагы сындарды кандай кабылдадыңыз?
— Бул ниети бузуктардын атайын буюртмасы экендигине толук ишенем. Алар ким болсо да, көздөгөндөрү ишке ашты. Көрсө, мындай маалыматтык согушка даяр эмес экенмин. Өкүнүчтүүсү, мага багытталган бул терс жагдайдын азабын үй-бүлөм тартты. Ата-энем да, балдарым да аябай катуу кабыл алды. Бирок, мени минтип сындыра алышпайт! Буюртма бергендерди сөзсүз табам, бул туурасында дагы сүйлөшөбүз.