Атасы убагында миллионер болуп, үлкөн ишкер эле. Бирок тагдыр ташы төмөн кулап, банкрот болуп калган. Анан айла жок сегиз жашар Руслан бөтөлкө терип баштаган.
— Ишкерликти кантип баштап калдыңыз?
— Бала кезден ишкерликке жакынмын. Атам Талантбек Алыбаев Нарындын тургуну. Ал СССР урагандан кийин миллионер болгон. Мал багып, кондитердик цех иштетип, колбаса да чыгарчу. Бирок жашоонуну оор сыноосуна тушугуп, 1994-жылы банкрот болуп калды. Ачыгын айтканда жегенге бир үзүм нан таппай калганбыз. Бир кезде коюн-колтук алышып жүргөн достору карабай кетип, үй-бүлөбүз оор шартка кептелген. Эсимде… үйүбүздүн жанында ысык нан жабышчу. Ал кезде бир лепешка 1 сом эле. Ошол нандан көзүм өтүп, ушунчалык жегим келчү. Бирок мага 1 сом бергенге атамдын акчасы жок болчу.
Олуттуу ишке биринчи курста аралаша баштадым. Алгач вибромассаж жасаган буюмдарды Дордойдон 380 сомдон алып, сулуулук салондорго 1000-1500 сомдон өткөрчүмүн. Ошентип күн сайын 50 доллардан таап, окуумду төлөп жүрдүм. Үчүнчү курста кыймылсыз мүлк менен иштеген агенттик ачып, алгачкы ийгиликтерди жараткам. 2008-жылы Бишкекке туристтик компания ачып, кошумча Белоруссия, Россия, Казакстандан шоколад, конфеттерди ташыдым. Ал эми үч жыл мурун кайрадан кыймылсыз мүлктү бизнесине кайтып келдим.
— Демек, университеттен кийин итиңиз чөп жеп баштаган экен да?
— Кайдан! Мен көп жолу кулап, кайра турдум. Эң чоң катам, бизнеске туугандарымды аралаштырганым болду. Эми мен туугандар менен иштешпөө керек деген эреже менен жашайм.
Кыймылсыз мүлк бизнесим жакшы жүрүп, айына 20-25 миң доллар пайда келип турган. Кийин менин тууган өнөктөштөрүм компанияга таандык 200 миң долларды казиного уттуруп жибериптир. Анын 80 миң доллары меники, калгандары башка өнөктөштөрүмдүкү болчу. Алар мени, менин үй-бүлөмдү кыйноого алып, кайрадан катардагы кызматчыга айландым. Ошондо аргасыздан бармен, официант болуп иштөөгө мажбур элем. Бир эле убакта 5 жерде каражанды карч уруп иштеп, карыздарды жабууга аргасыз болдум. Мен эми 7 жолу эмес, 35 жолу өлчөп, ойлонуп туруп, анан бир чечим кабыл ала турган болдум.
— Жаман болгон турбайбы…
— Бизнесмендерде мындай учурлар көп болот. Экинчи ирет 2010-жылы апрель революциясынан кийин банкрот болдум. Күнүнө 300-500 доллар киреше тапкан авиакассам бар эле. Каражаттын баарын кейске салып кеткем. 8-апрель күнү келсем баарын талап-тоноп кетишиптир. Бул окуя мага абдан сокку болуп, өзүмдү-өзүм өлтүрүп салгым келген.
— Эмне үчүн ушунун баарын таштап салып, катардагы кызматчы болуп кеткен жоксуз? Ошондой болуп кеткиңиз келген да, туурабы?
— Кыргызстанда бизнесмендерге кандай кыйынчылыктар бар?
— Ал биздин бюрократиялык системабыз. Кайсыл гана мекеме барбайлы, чымындан пил жасап коюушу мүмкүн. Бюрократиянын артында болсо коррупция тураарын жакшы билесиздер. Бактыга жараша, менде күчтүү юристтер андай көйгөйлөрдүн алдын алып турат.
— Сиздей күчтүү адамды эмне үчүн саясий партияга алып кетишкен жок?