БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Белгилүү казак актеру, айтылуу "Кыз Жибек" тасмасында Төлөгөндүн ролун аткарган Куман Тастанбеков 75 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу актер каза болгон Мангистау облусунун акимине шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Маркумдун сөөгү жекшемби күнү Алматы шаарына жөнөтүлгөн.
Анын үй-бүлөсүнө президент Нурсултан Назарбаев көңүл айтты.
"Тастанбековдун театр жана кинонун өнүгүүсүнө кошкон салымы, жаштарга көрсөткөн үлгүсү ат көтөргүс. Анын жаркын элеси өмүр бою элдин эсинде каларына ишенем", — деп жазылат президенттин катында.
Ошондой эле актер кыргыз тасмаларында дагы роль жараткан. Куман Тастанбеков ачып берген образдарды Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына тартылган "Саманчынын жолу", "Ак кеме" фильмдеринен көрүүгө болот. Ал тамада Касымдын, экинчисинде Кулбектин ролун аткарган.