БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун Ош шаарындагы филиалы "Ош аэропортуна кошумча курулуш куруу" долбоорун ишке ашыруу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, аба бекет долбоор үчүн 29 миллион 422 миң 514 сом сарптоого даяр.
Тендер 8-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 29-декабрда аяктайт.