БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Айида Батырбекова. Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында өспүрүмдөрдүн никесин кыюуга тыюу салган мыйзам долбоор талкууга алынып үчүнчү окууда көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Салянова аталган мыйзам өспүрүм кыздардын саламаттыгын сактоого жана укуктарын коргоого жол ачарын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө төрөттөн улам өспүрүм кыздардын өлүмү көбөйүп кетти. Бирок бир дагы адам жоопко тартылбай келет. Эгер бул долбоор ишке ашса чоң жеңиш болот. Мыйзамдын иштеп кетерине дагы толук көзүм жетет. Баш кошкон өспүрүмдөргө нике күбөлүгү берилбегендиктен ажырашып кетсе кыз укугун коргой албай орто жолдо калган учурларга дагы чекит коюлат", — деп билдирди демилгечи.
Салянова ата-эне сөзсүз жоопко тартылып, молдонун нике кыйгандыгын тергөөчү далилдеши керек экенин белгилеп өттү.
Кайчы пикир
Салянованын пикирине каршы чыккан депутат Тазабек Икрамов бул мыйзам Кыргызстанда жарандык никени күчөтүп жиберет деген пикирде.
"Эки жаш сүйүшүп калып үйлөнгүлөрү келсе кылмыш жоопкерчилигине тартылбаш үчүн жарандык никеде жашап алуусу ыктымал. Мындай көрүнүш арбып кетсе эмне болот? Экинчиден, жашы жете элек кыздын ата-энесин, болочок жолдошун жана молдону камап салышса өспүрүм кыз жалгыз калабы? Мыйзам чийки, долбоорду кайра иштеп чыгуу керек болчу", — деди Икрамов.
Эч ким эч кимди камабайт
Мыйзам долбоордун дагы бир демилгечиси Исхак Масалиев эртең эле бардыгы камалат деген пикирден алыс болуу керек экенин айтат.
"Кыздын ата-энеси, болочок жолдошу жана молдо кошулуп туруп камалып кетет дегенден алыспыз. Андайдан Кудай сактасын. Алгач административдик иш козголуп анын негизинде соттун чечими менен айып пул салынышы ыктымал", — деди Масалиев.
Нике кыйган лицензиялуу молдолор
Муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов аталган мыйзамга муфтият макул экенин айтты.
"Мыйзам долбоор иштелип жатканда муфтияттын бир өкүлү дагы катышкан. Өспүрүм кыздардын саламаттыгын сактоо максатында бул чечимге макул болгонбуз. Эми никени лицензия алган молдолор гана кыя калат. Ал үчүн молдолор муфтият тарабынан окутулат. Лицензиясы жокторго нике кыюуга тыюу салынат. Муну ишке ашырууга каражат керектелет. Ал кайдан бөлүнөрү талкууланган эмес", — деди Акимжан ажы.
Мыйзамдын жагдайлары
- Баш кошо тургандардын жашы 18де болуп алар тез арада үйлөнүүгө турмуш кыстап жатса (үйдүн жалгыз уулу, башка өлкөгө кетип жатса ж.б.) айыл өкмөтүнө кайрылып үйлөнүүгө уруксат алса болот;
- Мыйзам бардык диндин өкүлдөрүнө багытталган;
- Эң алгач сунушталган мыйзам долбоорунда нике күбөлүгүн көрбөй туруп никесин кыйган молдолордун бардыгын жазага тартуу сунушталган. Кийин 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн никесин кыйган молдолорду гана жоопко тартуу керек деп өзгөртүлдү;
- Баш кошууга белсенгендердин бири (кыз болобу, бала болобу) өспүрүм курактагы жаран болсо, нике кыюуга тыюу салынат.
Статистика
18 жашка чейинки көз жарган кыздардын саны:
— Кыргызстанда 2015-жылы төрөгөн ар бир 10 миң аялдын 60ы 18 жашка чейинкилер болгон. Бул 2000-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.
15-17-жаштагы кыздар арасындагы бойдон алдыруу фактылары:
— 2015-жылы ар бир 10 миң өспүрүм кыздын 12си бойдон алдырган.
Орточо эсеп боюнча Кыргызстандагы кыздар 23, ал эми эркектер 26 жашында турмуш курат.