БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Россия расмий иш сапары менен учуп кеткендигин өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ал VI Санкт-Петербург эл аралык маданий форумуна катышат.
"Өлкө башчылары орус-кыргыз мамилелеринин олуттуу жагдайларын дагы талкуулайт",— деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, бейшембиде Атамбаевдин Россияга болгон иш сапары тууралуу Кремль кабарлап, анын алкагында Россия башчысы Владимир Путин менен жолугарын кошумчалаган.