Атамбаев Санкт-Петербургда Путин менен жолугат

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел переговоры с президентом Киргизии А. Атамбаевым
Президент РФ В. Путин провел переговоры с президентом Киргизии А. Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияга иш сапары менен бара турган Атамбаев VI Санкт-Петербург эл аралык маданий форумуна катышат

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 17-ноябрда Санкт-Петербург шаарында Россия башчысы Владимир Путин менен жолугат. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

Атамбаев Россияга болгон иш-сапарынын алкагында VI Санкт-Петербург эл аралык маданий форумуна катышат.

"Өлкө башчылары ар тармактагы орус-кыргыз мамилелерин бышыктаган көп жылдык конструктивдүү кызматташтыктын жыйынтыктарын талкуулашат",- деп жазылат маалыматта.

Кремль Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү алдыга жылдыруу үчүн кошкон жеке салымын жогору баалай турганы маалыматта белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0