БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
Буга чейин президенттер 19-октябрда телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо болуп, Сооронбай Жээнбеков жеңишке жеткен. Жаңы өлкө башчынын инаугурациясы 24-ноябрда өтөт.