БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Атамбаев менен Путин Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдүн мындан аркы экономикалык өз ара аракеттенишүүсүнүн маселелерин дагы талкуулашкан.
Андан сырткары, мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелердин актуалдуу маселелерин сүйлөштү.
Ошондой эле Атамбаев Путинге Кыргызстанда маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев президенттик стипендияларды тапшырып жатып кыргыз-казак чек арасындагы абалдын себептерине токтолуп, акыркы жылдары Казакстандын жасаган аракеттери Евразиялык экономикалык биримдикти бузууга багытталганын айткан болчу.