БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин Россияда ден соолугун чыңдап жүрөт. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын башчысынын орун басары Руслан Казакбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу деген кине менен кылмыш иш козгогон.
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Бабанов Кыргызстандан чыгып кеткенин да жазып чыгышкан. Анын партиялаштары да ал кайда экенин так билбей тургандыктарын маалымдашкан болчу.
"Бабанов эч жакка качкан эмес. Ага карата козголгон кылмыш иши боюнча жакында билдирүү таратат деп ойлойм", — деди Казакбаев.
Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишти тергөөнү баштады.