БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасоо жана улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Бирок айрым ЖМКлар Бабанов Кыргызстанда эместигин жазып чыкты. Андыктан Sputnik Кыргызстан агенттиги анын партиялаштары менен байланышып, Бабановдун кайда экендиги боюнча пикирлерин угуп көрдү.
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты, вице-спикер Алтынай Өмүрбекова Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыкканын билдирди.
"Өмүрбек Бабанов учурда кайсы жакта экенин так билбейм. Шайлоодон кийин кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыккан. Майрамдардан кийин фракциянын депутаттары да козголгон кылмыш иши боюнча өз баабызды беребиз", — деди Өмүрбекова.
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Бабанов учурда чет жакта болушу мүмкүндүгүн билдирди.
"Азыр Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда эмес, чет жакта болушу мүмкүн", — деди ал.
Депутат Максат Сабиров болсо учурда Бишкекте эместигин жана Бабановдун каякта экени боюнча так маалыматы жок экенин белгиледи.
Ал эми УКМКдагылар Бабановго карата козголгон кылмыш иши териштирилип жатканын маалымдаганы менен ал суракка чакырылган же чакырылбаганын, өлкө ичинде же чет мамлекетте экенин тастыктаган жок.