УКМК Бабановдун ишин тергей баштады

Жазылуу
Азырынча Жогорку Кеңештин депутаты Кыргызстанда же чет өлкөдө экени белгисиз.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш ишин тергей баштады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кандидат в президенты от оппозиции Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Бабанов Он-Адырда эл менен жолукканда эмне деп айткан
Анткен менен атайын кызматтагылар президенттикке талапкер болгон Бабанов суракка чакырылган же чакырылбаганын, ал өлкө ичинде же чет мамлекетте экенин айтышкан жок.

Бүгүн, 4-ноябрда Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иши козголду. Депутат конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча айыпталууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0