Карт тарыхта эл башчылары: уруу аксакалдары, кул ээлери, феодалдар, хандар, падышалар, императорлор, генералдык катчылар, президенттер ж.б. кызматтар ар дайым болуп келген жана боло бермекчи. Алардын бийлик башына келип, такка отуруу салт-ырасымдары да ар кимисиники ар түрдүү болгон.
Манас Жакып уулунун "инаугурациясы"
Ыйык мурасыбыз, каранар күзгүбүз, үлгү алар даанышман казынабыз болгон "Манас" эпосунда:
Калкалайм десең жаныңды,
Көтөрүңөр ханыңды, — деп айтып,
Тирүү болсок баарыбыз,
Бир дөбөдө бололук.
Пейли катуу бирөөңдү,
Бек көтөрүп коёлук.
Калкка кабар салалык,
Кайраты бар бирөөнүн
Хан көтөрүп коёлук, — деп отурушуп, ар кимдин талапкерлигине токтолуп, "пейли катуу", "кайраты бар" деп эсептеп, акыры Манаска келет. Эл жүгүнүн оорлугунан корккон Манас баатыр да адегенде макул болбойт. Бул иштен баары качат. Элдик дипломатия аны эпке келтирип, акыры хан болуп калат.
Кийин мындай элдик "инаугурациялар" бир нече хандарда болгон, алардан элдик эпостордогу Кедейкандан тартып кечээги Көтмалдынын сазында хан көтөрүлгөн кадимки Ормон ханга чейинкилер бар.
Канткен менен "кызыл тебетей" кийүүнүн дүйнөлүк стандарты Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдарда гана башталды.
Биринчи президенттин инаугурациялары
Үчүнчүсү 1995-жылы 24-декабрдагы шайлоодон (анда Акаев атаандаштары М.Шеримкулов менен А.Масалиевди артка калтырган) алты күн өтүп эле 30-декабрда белгиленет. "Инаугурация" деген татаал термин тилибизге ошондо биринчи кирет. Ак үйдө Аскар Акаев ак ниет болууга, адилеттикти жана тынчтыкты сактоого, реформаларды улантууга антын берет.
Төртүнчүсү, 2000-жылы 9-декабрда Кыргыз мамлекеттик филармониясынын аянтында, Манастын эстелигинин алдында уюштурулган. Улуттук гвардиянын аскерлери параддан өтүп, президент антын айтат.
Экинчи президенттин инаугурациясы
Анда Кыргызстандын президентинин ант берүү аземи биринчи жолу борбордук аянтта уюштурулуп, телевидение жана радио аркылуу элге түз жетип турду. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Россиянын Федерация Кеңешинин төрагасы Сергей Миронов, КМШ өлкөлөрүнүн аткаруучу катчысы Владимир Рушайло, Тажикстандын премьер-министри, Өзбекстандын, Белоруссиянын парламент башчылары, АКШнын, Түркиянын министрлери жетекчилик кылган делегациялар, 11 өлкөнүн, 9 эл аралык уюмдун өкүлдөрү инагурацияга күбө болду. 6 миңдей адам чакырылып, келип отурду. Мындай чоң коноктор Аскар Акаевичтин доорунда чакырылган да, келген да эмес. Айтмакчы, экинчи президенттин такка отуруу аземине Москвада бозгунда жүргөн биринчи президент чакырылбады…
Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов эл алдында, Мекен алдында ант берген мамлекет башчысына президенттик төш белгисин тагып, штандартты (тууну) тапшырды.
Кийин президент кыска сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө: "өлкөдөгү коррупциянын тамырын кыркып, көмүскө экономиканы ачыкка алып чыгууга аракет кылабыз. Өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында, эң алыскы айыл-кыштактарда элибиз социалдык теңдикте, калыстыкта өз тилегин ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болууга тийиш жана биз ага сөзсүз шарт түзүп берүүгө күрөшөбүз" деп айтып келип, "…24-марттагы элдик жеңишти татыктуу улантуу – биздин түбөлүк милдетибиз" деген оюн элге жарыялады.
Бакиевдин сөзүнөн соң төкмө акындар куттуктап, кыргыз ырчыларынын чоң программадагы концерти болгон.
Мындай жыйындар жер-жерлерде улантылды. Кечинде борбордук аянтта кыргыз, казак эстрада ырчылары алты саатка созулган чоң концерт берди.
Экинчи президенттин экинчи инаугурациясы
Бул жолку инаугурация Чолпон-Атада Коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн бейформал саммитине жана Курманбек Бакиевдин 60 жылдык кутман курагына туш келген.
Ал эми инаугурация аземи ашыкча шаан-шөөкөтсүз эле Ак үйдүн ичиндеги жыйындар залында депутаттардын жана биздин өлкөдө аккредацияланган элчилердин катышуусу менен өтүп, кечинде "Ала-Тоо" аянтында расмий түрдө жаңы президенттин такка отуруусунун урматына тогуз жолу артиллерия залп атуу менен белгиленген.