Премьер Исаков Ташкенттеги жыйында Казакстанды сындады

Жазылуу
Жол боюнда зарыгып жүк ташуучу 500-600гө чукул унаа турат. Чек арадан өтүү үчүн кеминде 5 күн кетип жатат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Өзбекстанда өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып, кыргыз-казак жана орус-казак чек араларындагы абал тууралуу айтты.

Исаков Кыргызстан КМШнын эркин соода аймактары тууралуу келишиминин алкагында коңшу Өзбекстан менен келишимди ратификация кылганын айтты. Бул аталган аймакта соода-экономикалык алаканы өнүктүрүү үчүн жасалууда.

"Тилекке каршы, учурда Шериктештикке кирген бир катар мамлекеттердин товарлардын эркин транзитин сактабагандыгынан улам эркин соода аймагы бар деп айтуу кыйын болуп турат", — деди Исаков.

Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдына 70-80дей киши нараазычылык акциясына чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте казак элчилигинин алдына нараазычылык акциясы өттү
Өкмөт башчы Казакстан менен түзүлгөн келишимге карабастан, 2017-жылдын октябрь айынан бери Кыргызстандын жарандары менен келген чет элдиктерге, жергиликтүү жана чет элдик жүк ташуучуларга жасалма түрдө тоскоолдуктар коюлуп жаткандыгын эске салды.

Жол боюнда зарыгып жүк ташуучу 500-600гө чукул унаа турат. Чек арадан өтүү үчүн аларга кеминде 5 күн кетип жатат. Муну менен казак тарап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына койгон чектөөлөргө контрабанда баштаган ар кыл шылтоолорду айтып келет.

"Жүктүн 20 пайызын түзгөн Кыргызстанда өстүрүлгөн айыл чарба азыктарын (картошка, пияз, кара өрүк жана жүзүм) контрабанда деп атоого болобу? Же ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде катталган, Казакстандын рыногуна чыгарылып жаткан сүт азыктары контарабанда болуп калабы? Россияга кеткен 80 пайыз транзит жүктөр анда контрабандабы?" — деди Исаков.

Кыргыз өкмөт башчысы эл аралык соода келишимдеринин негизинде мөөр басылган үчүнчү өлкөлөрдөн темир жол менен келе жаткан жүктөр да текшерилип, кармалган фактылар белгилүү болуп жаткандыгын айтты.

Пробка из автомобилей на границе между Киргизией и Казахстаном на КПП Ак-Тилек. - Sputnik Кыргызстан
Казакстан чек арадагы көзөмөлдү күчөтүшү мүмкүн
"Кыргызстандын ишкерлери Казакстандын кирешелер боюнча комитетинен бажынын тыкыр көзөмөлү үчүн "келүү" зарылдыгы туурасында билдирүүлөрдү алып турушат. Мен белгилеп айтып койчу учур — Европадан келген транзиттик жүктөр. Бир заматта эле Кыргызстанга келе жаткан жүктөрдүн баары контрабанда болуп калдыбы?" — деди Исаков.

Премьер-министр жасалма тоскоолдуктар ишкерлерге утурумдук финансылык кыйынчылыктарды келтирип, интеграциялык бирикменин негизги принциптери болгон товарларды тоскоолдуксуз ташып, кызмат көрсөтүүлөрдүн, адам ресурстары менен капиталдын эркин жүрүшүнө каршы келип жатканын айткан.

Исаков Кыргызстан өкмөтү казак тарап киргизген чектөөлөр утурумдук деген ишенимде экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0