Казакстан чек арадагы көзөмөлдү күчөтүшү мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековПробка из автомобилей на границе между Киргизией и Казахстаном на КПП "Ак-Тилек".
Пробка из автомобилей на границе между Киргизией и Казахстаном на КПП Ак-Тилек. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак тарап чек арадагы абал бажы, салык, фитосанитардык жана транспорт мыйзамдарын бузуу жолу менен алынып келген товарлардын көп болуп жатканы менен түшүндүрүүдө

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Эгерде расмий Бишкек биргеликте иштөөдөн баш тартса Астана чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүгө аргасыз болот. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги өлкөнүн Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчи орун басары Госман Амринге таянуу менен билдирди.

Амриндин айтымында, чек арадагы абал бажы, салык, фитосанитардык жана транспорт мыйзамдарын бузуу жолу менен өлкөгө көп көлөмдө келген товарлардан улам болууда.

Балдар Атамбаев менен Назарбаевдин элдешүүсүн өтүнөт. Троллейбустагы флешмоб - Sputnik Кыргызстан
Балдар Атамбаев менен Назарбаевдин элдешүүсүн өтүнөт. Троллейбустагы флешмоб
"Бул нерсе биз тараптан эмес, Евразиялык экономикалык комиссиясынын мониторингинде айтылат. Маселе бар, аны танбаш керек. Эми аны кантип чечүүнүн жолун кароо зарыл. Мен бир гана чечим бар экенин көрүп турам, ал бирге иштөө. Эгер Кыргызстан баш тартып, бизге маалымат бербей чогуу иштөөдөн баш тартса, биз чек арадан мыйзам бузуу менен өтүп жаткан товарлардын агымына чектөө коюу үчүн чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүгө аргасыз болобуз", — деди Амрин.

Ал ошондой эле Казакстан буга чейин да чогуу иштешүү боюнча демилге көтөргөнүн бирок, ал керектүү колдоо таппаганын билдирди.

Амрин андан сырткары, тараптар маалымат алмашуу боюнча бир пикирге келгенин кошумчалады.

"Кыргызстанга кайсы товар кандай баа менен келип жатканы боюнча маалымат бергиле деп айттык. Биз өзүбүз тараптан өткөн жумада расмий түрдө бардык маалыматты бердик. Коңшулардан азырынча андай маалымат ала элекпиз", — деди ал.

Работа полевой молочной фермы СПК Ташкиново - Sputnik Кыргызстан
Алматы Ала-Тоонун айран-сүтүн сагынганда... Казакстандыктардын пикири
Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчи орун басары мындай шарттар азырынча кол коюла элек "жол картасында" каралганын айтты.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрдан тарта оорлой баштаган. Казак тарап мындай кырдаал катезчилик жолу менен алынып келген импортко каршы күрөшүүнүн айынан болуп жатканын билдирген. 18-октябрда Сапар Исаков Астанага иш сапары менен барып, чек арада турган жарандарды, жүргүнчү ташыган автобустарды жана жеңил автоунааларды өткөрүү боюнча макулдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0