БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында оор атлетика боюнча ХХХ эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт малекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 24-ноябрдан 26-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Спортчулар Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиевдин байгеси үчүн ат салышат.
Анда КМШ жана Азия өлкөлөрүнүн эркек балбандары сегиз, кыз-келиндер жети салмактык категория арасында күч сынашат.
Спорттук иш-чара достукту бекемдөөгө жана оор атлетиканы жайылтуу максатында уюштурулууда.