БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр марафон боюнча Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 26-ноябрда Кытайдын Дунгуань шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан төрт спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Чемпионатта 76 өлкөнүн спортчулары 42 чакырым аралыкка ат салышат.