БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев элчилердин ишеним грамоталарын алып жатып, мекенди сүйбөгөндөргө башка мамлекеттерге кетүүсүн сунуштады.
Ал ошондой эле өз сөзүндө өлкөнү акча менен грантка сатууга даярлар бар экенин акыркы окуялар көрсөткөнүн белгилеп, бирок элдин басымдуу бөлүгү улуу Манас баатыр айткандай эгемендүүлүк үчүн жанын берүүгө даяр экенин билдирди.
"Эгемендүүлүк бир тыйын болгондорго айтарым, жашоо үчүн ыңгайлуу болгон жана акча берген жер издегиле. Боордош Казакстан менен жарандыкты алууда жеңилдик берүү боюнча келишим бар. Силерди сүйүнүү менен коё беребиз, кабыл алчу тарап дагы жылуу тосуп алат. Ал жакта жер көп", — деди Атамбаев.
Президент Алмазбек Атамбаевге 12 мамлекеттин элчиси ишеним грамотасын тапшырды.