БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жениш Разаков президенттин кеңешчиси болуп дайындалганын өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.
Президент Алмазбек Атамбаев Жеңиш Разаковду кеңешчилик кызматка дайындоо боюнча жарлыкка бүгүн, 26-октябрда, кол койду.
Ошондой эле өлкө башчынын дагы бир буйругу менен Алмазбек Курманалиев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.