Европа биримдиги: шайлоодо добуш сатып алынып, жарандарга басым жасалды

© REUTERS / Francois LenoirФлаг Евросоюза
Флаг Евросоюза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо болуп өттү

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Европа биримдиги Кыргызстанда президенттик шайлоо учурунда добуш сатып алуу, шайлоочуларга басым жасоо, ЖМКлардын эркиндигин чектөө жана административдик ресурсту колдонуу өңдүү мүчүлүштүктөр болгонун расмий түрдө билдирди.

Эске салсак, 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо болуп, 11 талапкер ат салышты. Боршайкомдун алдын ала жыйынтыктары боюнча биринчи орунда Сооронбай Жээнбеков, экинчиде Өмүрбек Бабанов, андан кийин Адахан Мадумаров келе жатат.

"Ошол эле учурда Кыргызстан элинин тынч жана жакшы уюшкандыкта өткөн шайлоого катышуусу алардын демократияга жана саясий системанын реформасына карата болгон аракетин айгинелеп турат. Акыркы жылдары өлкө бийлиги шайлоо процессин жакшыртууга жетишип, аны ачык-айкындуулугун эл аралык донорлордун, ошол эле учурда Европа биримдигинин колдоосу менен ишке ашыра алды", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, Кыргызстандын бийлиги эл аралык байкоочу миссиялардын кеп-кеңештерине көңүл буруусу кажет экени жазылган.

Выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Шайлоодон кийин шаабайы сууган талапкерлер эмне дейт
Эскерте кетсек, 16-октябрда президент Алмазбек Атамбаев эл аралык байкоочу миссиясынын өкүлдөрүн кабыл алып чыныгы демократия жана сөз эркиндиги тууралуу өзүнүн пикирин билдирген. Ал Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттер ассамблеясынын вице-президенти Азай Гулиевдин сөзүн бөлүп, Европанын айрым кош стандарттуу саясатынын кереги жоктугун айтты.

"Мен ЖМКга карата бир нече арыз бердим, анткени мени улуттар аралык кастыкты козутту жана менин алтын жана бриллианттарымдан улам учак кулап, ондогон киши каза болду деп жазып жатышат. Силер Батышта адамдар мындай айыптоолор боюнча сотко бере алат деп жатасыңар, эмне Кыргызстандагы кишилер андай кыла албайбы? Биз эмне экинчи сорттогуларбызбы? Угуп койгула, бизге кош стандарттын кереги жок", — деген кескин пикирин билдирди.

Атамбаев, андан сырткары, Батышта кандай арыздар берилип, күнөөлүү тараптар миллиондогон каражатты төлөп жатканын билерин айтып, улуттар аралык кастыкты козутту, кишилерди өлтүрдү деген айыптоолорго Атамбаев арыз бере албайбы деген суроо узатты.

"Кичине уят деген болуш керек да, кош стандарттуулукту силер башка жакта колдонгула", — деди ал.

Өлкө башчы өз сөзүндө Кыргызстанда демократия — мыйзамдын диктатурасы жана эркиндик — жоопкерчилик деген принципти карманарын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0