БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Казак тараптын ЕАЭБдин нормаларындагы укуктарды бузуп жаткандыгы КРдин Экономика министрлигинин расмий билдирүүсүндө айтылды.
Экономика министрлигинин маалыматында, казак тараптын ЕАЭБдин нормаларында каралган укуктарды бузуп жаткандыгы, анын айынан чек арадагы көзөмөл өткөрүү жайларында көйгөйлөр жаралып, кыргызстандык ишкерлер чыгым тартып кыйналып жатканы айтылат.
Коңшулардын киргизген мындай кошумча көзөмөлү ЕАЭБ келишимине туура келбестиги жана евразиялык интеграцияга доо кетире тургандыгы белгиленген. “Казакстан товарларды ээр-эркин алып өтүүнү чектеп, анысы менен ЕАЭБдеги бирдиктүү рыноктун негизги эрежелерин бузуп жаткандыгы” айтылган.
“КРдин Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комитеттин (ЕЭК) коллегия жетекчилигине тиешелүү кат жолдоду. Анда Казакстанга ЕАЭБдин 2014-жылдын 29-майындагы келишимин сактоо зарылдыгы туурасында кабардар кылуу жана бул маселени ЕЭКтин коллегиясынын жакынкы отурумунда кароо өтүнүчү жазылган”, — деп айтылат маалыматта.
Аны менен катар эле 10-октябрдан бүгүнкү күнгө чейин чек арада орто эсеп менен 100дөн 300гө чейинки автоунаалар топтолуп калганы байкалган.
16-октябрда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында жүк ташуучу 270 автоунаа туруп калганы мисал катары келтирилген.