БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Шайлоо учурунда бюллетендерди сүрөткө тартып, коомчулукка жайылткан адамдар мыйзам чегинде жазаланат. Бул тууралуу БШКнын юридикалык бөлүмүнүн адистери билдирди.
Социалдык тармактарда айрым шайлоочулар добуш берген соң бюлеттендерин сүрөткө тартып интернетке жүктөшүүдө. Буга байланыштуу БШК мындай аракеттер мыйзамга туура келбей турганын айтып, жарандар административдик, ал тургай кылмыш жазасына тартылып калышы мүмкүн экендигин белгиледи.
"КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 30-беренесинин 12-пунктунда "Басмакананын, шайлоо комиссияларынын орун жайларынан, ушул конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуу менен, шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөсүн алууга жана таратууга тыюу салынат" деп жазылган. Мындан улам мыйзам бузган шайлоочу 500-1000 сом, ал эми кызматтагы адамдар 2000-3000 сомго чейин администартивдик жазага тартылат", — деди юристтер.