Ибраимов: улуттардын ынтымагын чыңдоо максатында аламан улак уюштурдук
Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында аламан улак уюштурулду. Бул тууралуу "Өзгөн спорт жана жаштар" биримдигинин төрагасы Максат Ибраимов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, спорттук иш-чара аталган биримдик тарабынан демилгеленген.
"Бишкек шаарынан жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан улакчылар келип катышты. Иш-чараны өткөрүүнүн максаты — улуттар ынтымагын чыңдап, жаштарды жаман адаттардан алыстатып спортко багыттоо", — деди Ибраимов.
Ал Өзгөн районунда ар улуттун өкүлдөрү жашай тургандыгын кошумчалады.